Перейти на новый сайт
MegaCom менен «Оргтехстрой» курулуш компаниясы биргеликте өткөрүп жаткан «Конуштой» лотереясынын экинчи утуш оюнунун бактылуу жеңүүчүлөрү аныкталды

MegaCom менен «Оргтехстрой» курулуш компаниясы биргеликте өткөрүп жаткан «Конуштой» лотереясынын экинчи утуш оюнунун бактылуу жеңүүчүлөрү аныкталды

MegaCom менен «Оргтехстрой» биргеликте өткөрүп жаткан «Конуштой» кызыктыруучу лотереясынын экинчи утуш оюну, 2019-жылдын 17-январында,  MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде болуп өткөн эле.

6 миңден ашуун электрондук купондордун ичинен random сайтында туш келди сандардын генераторунун жардамы менен 3 байге ээси тандалды.

Тактап айтканда, Азамат Осмонов жана Руслан Байсынов 400 000 сом жана 200 000 сом суммасындагы кыймылсыз мүлк сатып алууга каралган арзандатуучу тастыктамаларына, ал эми Сергей Липицкий MegaCom мобилдик интернетинин  1 000 000 мегабайтына ээ болду.

Бактылуу оюнчуларга байгелери 2019-жылдын 30-январында тапшырылды. Жеңүүчүлөр мындай күтүүсүз жагымдуу жаңылык  үчүн өз ыраазычылктарын билдирип жатышты.    

«Конуштойдун» уюштуруучулары бардык катышуучуларга ийгилик каалап, баш байгени – «Оргтехстрой» курулуш компаниясы тарабынан курулган Бишкек шаарындагы 1 бөлмөлүү батирди утуп алуу үчүн ат салышууга чакырышты. Мунун  эч кандай кыйынчылыгы жок. Бул үчүн өз смартфонуңузга MegaPay тиркемесин кошуп алыңыз да,  жеткиликтүү кызматтарды мобилдик капчыктын DP төлөм уюму аркылуу төлөңүз. Жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн берилген электрондук купондор ай сайын өткөрүлүүчү утуш оюндарына катыша алат.

MegaPayKg баракчасынын жазылуучулары утуш оюунунун жүрүшүн Instagram социалдык тармагында реалдуу убакыт шарттамында  көрө алышат. Видео-баяндама Facebook тармагында жеткиликтүү. 

Лотереянын жана купондорду алуунун шарттары тууралуу толук маалымат компаниянын megacom.kg расмий сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы