«Конуштой» лотереясы
MegaCom кызматтары менен колдонуп,
«Оргтехстрой» курулуш компаниясынан
батир утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол!
Байгелер
Башкы байге
БАТИР
4 iPhone
XS
1 000 000 мб менен
4 интернет топтом
4 сертификат

Батир сатып алууда
200 000 сомго
арзандатуусу менен
4 сертификат

Батир сатып алууда
400 000 сомго
арзандатуусу менен
Кантип катышууга болот?
1. Megapay
1. Megapay
Жүктөп алыңыз жана тиркемеге катталыңыз.
2. Баллдар
2. Баллдар
MegaPay аркылуу кызматтар үчүн төлөм жүргүз жана баллдарды ал
3. Купондор
3. Купондор
Топтолгон ар бир 2000 балл утуш оюнуна катышуу үчүн 1 лотереялык билетке автоматтык түрдө алмаштырылат
Megapay
Купондор канчалык көп болсо,
мүмкүнчүлүктөр ошончолук көп!

Топтолгон баллдардын жана купондордун санын “Акциялар»
бөлүмүндө MegaPay тиркемеси аркылуу көзөмөлдөп турууга болот.





Төлөмдөрдү жүргүзүңүз жана баллдарды алыңыз
Уюлдук операторлор
Катталган байланыш
Коммуналдык кызматтар
Оюндар жана көңүл ачуулар
Интернет-провайдерлер
Интернет кызматтар
Коммерциялык телеберүү
Чет өлкөлүк операторлор
Каржы
Социалдык түйүндөр

Утуш оюнунун даталары
1-ойнотуу
декабрь
13
2-ойнотуу
январь
17
3-ойнотуу
февраль
13
4-ойнотуу
март
13
 
Башкы утуш
калды
Катышуу статусу

Телефон номурун X (XXX) XXX XXX форматында киргизиңиз
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Лицензия ГАС №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
НБКР Лиц. №3019291215, НБКР Лиц. № 2019291215, № 65 от 9 октября 2018 г

Оргтехстрой
Эмне үчүн Оргтехстрой?
 
  • 60 жыл ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүү
  • Сапат
  • Ишенимдүүлүк
  • Кардар таламдуулук
  • Белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо
  • Жеке өндүрүш


Объектилер









Подробнее о начислении баллов
Суроолор жана жооптор
  • «Конуштой» лотереясы деген эмне?

    «Конуштой» лотереясы − MegaCom мобилдик оператору жана «Оргтехстрой» курулуш компаниясы биргеликте өткөрүүчү кызыктыруучу лотерея, анын алкагында абоненттер «MegaPay» мобилдик капчыгы аркылуу төлөмдөрдү аткаргандыгы үчүн төлөмдүн суммасына барабар болгон баллдарды алышат. Топтолгон баллдар утуш оюндарына катышуу үчүн лотереялык купондорго алмаштырылат. Толук маалымат катышуу эрежелеринде.

  • Лотереяга катышуу үчүн акы төлөнөбү?

    Лотереяга катышуу акысыз.

  • Кантип катышсам болот?

    Лотереяга катышуу үчүн, MegaPay мобилдик тиркемесине же анын веб-версиясына катталууңуз жана “ДРИМ ПРОДАКШН» (мындан ары «DP») төлөм уюму аркылуу MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон кызматтар үчүн акы төлөөңүз зарыл. Аткарылган төлөмдөр үчүн белгиленген тартипте баллдарга ээ болосуз, ал эми алар топтолгондо утуштарга катышуу үчүн лотереялык купондор берилет.

  • Лотереяга кимдер катыша алат?

    Лотереяга 18 жашка толгон, «Альфа Телеком» ЖАК менен MegaPay тиркемесинде катталган абоненттик номурга Байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзгөн жак (КРдин жараны) катыша алат.

    Лотереяга кимдер катыша албайт:

    • 18 жашка толо элек жарандар;
    • Чет элдик жарандар;
    • Лотереянын Уюштуруучуларынын: «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Оргтехстрой» ААКтын, MegaPay кызматын көрсөтүү боюнча алардын өнөктөштөрүнүн− «ДОС-КРЕДОБАНК» ААКтын жана «ДРИМ ПРОДАКШН» ЖЧКнын кызматкерлери, жана да алардын жакын туугандары жана Уюштуруучулар менен аффилирленген жактар;
    • Уюштуруучунун (MegaCom) корпоративдик абоненттери. Өздүк эсебинде 1ден ашык номур катталган жеке тейлөө формасында тейленген абоненттер. «Өз кишилер», «Кызматтык» тарифтик планынын абоненттери.
  • Эгерде мен MegaPay капчыгынын колдонуучусу болсом, лотереяга катышуу үчүн эмне кылышым керек?

    Лотерея башталган күнгө чейин эле MegaPay тиркемесинде катталган абоненттер, баллдарды топтоо максатында, MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон кызматтар үчүн DP аркылуу төлөм жүргүзүүнү уланта берсе болот. Зарыл болгон сандагы баллдар топтолгон учурда, баллдар байгелердин утуш оюндарына катышуу үчүн лотереялык купондорго автоматтык түрдө алмаштырылат.

  • Баллдарды кантип алууга болот?

    Баллдар DP аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн эсептелет. Баллдардын эки түрү бар: кепилденген жана кошумча.

  • Кепилденген жана кошумча баллдардын айырмасы эмнеде?

    Кепилденген баллдар КРдин уюлдук операторлорунун кызматтарынан тышкары MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон башка кызматтар үчүн DP аркылуу төлөм жүргүзүү үчүн эсептелет(1 сом = 1 балл).

    Маанилүү: баллдар кызмат көрсөтүүчү тарабынан төлөм тастыкталганда суткасына 1 жолу саат 08:30дан кийин берилет.

    Кошумча баллдар бир айдын жыйынтыктары боюнча катар номурлар түзүлүп жаткан учурда төмөндөгү шарттарга ылайык эсептелет:

    • эгерде айдын жыйынтыктары боюнча башка кызматтар үчүн төлөнгөн сумма* КРдин уюлдук операторлорунун кызматтары үчүн жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасынан ашып кетсе, эсептелген кошумча баллдардын саны КРдин уюлдук операторлорунун кызматтары үчүн төлөнгөн төлөмдүн суммасынын өлчөмүндө болот;
    • эгерде айдын жыйынтыктары боюнча башка кызматтар үчүн төлөнгөн сумма КРдин уюлдук операторлорунун кызматтары үчүн жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасынан аз болсо, эсептелген кошумча баллдардын саны башка кызматтар үчүн төлөнгөн төлөмдүн суммасынын* өлчөмүндө болот;
    • эгерде белгиленген мезгилдин жыйынтыктары боюнча башка кызматтар үчүн төлөнгөн сумма* 0 сомду түзсө, анда кошумча баллдар эсептелбейт.

    *Башка кызматтар – бул «DP» төлөм уюму аркылуу MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон бардык кызматтар, КРдин уюлдук операторлорунун кызматтарынан тышкары.

  • Лотереялык купонду кантип алсам болот?

    Бир лотереялык купондун наркы 2000 баллга барабар. 2000 балл топтолгон учурда бир лотереялык билетке автоматтык түрдө алмаштырылат (суткасына бир жолу саат 08:30дан кийин).

    Лотереялык купондор абонент-катышуучунун MegaPay тиркемесине катталган абоненттик номуруна берилет. 12 орундуу сан Лотереялык купон болуп саналат. Ар бир лотереялык купон уникалдуу, кайталангыс жана туш келди тандоо жолу менен түзүлгөн.

  • Байгелер качан ойнотулат?

    Байгелер ар бир айдын аягында ойнотулат. Башкы байге лотереянын финалында ойнотулат.

    Утуш оюну кандай өткөрүлөт? Ушул мезгилдин ичинде берилген купондор катыша алат: Купондордун катар номурлары менен тизмени жайгаштыруу күнү Утуш оюну өткөрүлүүчү күндөр
    1 Ай сайын 01.11.18-30.11.18 06.12.2018 13.12.2018
    2 Ай сайын 01.11.18-31.12.18 10.01.2019 17.01.2019
    3 Ай сайын 01.11.18-31.01.19 06.02.2019 13.02.2019
    4 Ай сайын 01.11.18-28.02.19 06.03.2019 13.03.2019
    5 Башкы утуш 01.11.18-28.02.19 06.03.2019 13.03.2019
  • Кандай байгелер берилет?
    Байгенин аталышы Байгелердин саны Утуш оюну кандай өткөрүлөт?
    1. «Оргтехстрой» ААКтан же анын өнөктөштөрүнөн батир сатып алууга 400 000 сом өлчөмүндөгү Арзандатуучу тастыктама
    4


    Ай сайын
    2. «Оргтехстрой» ААКтан же анын өнөктөштөрүнөн батир сатып алууга 200 000 сом өлчөмүндөгү Арзандатуучу тастыктама 4 Ай сайын
    3. iPhone XS 4 Ай сайын
    4. Мобилдик интернеттин гигабайттары** 4 Ай сайын
    5. «Оргтехстрой» ААК тарабынан курулуп жаткан үйдө жасалгасы менен 1-бөл. батирге тастыктама*** 1 Бир жолу(башкы утуш)
  • Байгелер кандайча ойнотулат?

    Байгелерди ойнотуу блогерлердин, журналисттердин жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда коомчулук үчүн ачык өткөрүлөт, жана да random.org (туш келди сандардын генератору) веб-ресурсунун жардамы менен ишке ашырылат.

    Мындан тышкары, утуш оюндарын онлайн-көрсөтүү Уюштуруучунун Instagram баракчасы аркылуу ишке ашат.

    Лотереянын Байге фондун ойнотууда утуш оюну башталганга чейин анын жыйынтыктарын алдын ала болжолдоону шарттаган эч кандай жол-жоболор жана алгоритмдер колдонулбайт. Лотереянын ар бир оюнунда сандар туш келди тандалат жана бардык номурлар бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

  • Алынган баллдардын санын кайсы жерден көрсөм/текшерсем болот?

    Топтолгон баллдардын, алынган лотереялык купондордун санын текшерүү жолдору:

    • MegaPay мобилдик тиркемесинин «Акциялар» бөлүмүнөн ;
    • мобилдик тиркеменин веб-версиясынын ошол эле бөлүмүнөн;
    • «Конуштой»лотереясынын расмий сайтынан: https://www.megacom.kg/megapay/offers
  • Мага баллдар берилген жок.

    Баллдар төлөм жүргүзүлгөндөн күндөн кийинки суткада, жана да төлөм ийгиликтүү аткарылган учурда гана берилет.

    Эгерде Сизге баллдар эсептелбесе, *500 кыска номуру аркылуу кайрылууну суранабыз. Балким, кызмат көрсөтүүчү MegaPay тиркемесинде Сиздин төлөмүңүздү тастыктай элек.

  • Кайсы учурларда баллдар/купондор жокко чыгарылат?

    Берилген электрондук лотереялык билеттер жана баллдар төмөндөгү учурларда кайра калыбына келтирүү укугусуз жокко чыгарылат:

    • кызмат үчүн төлөнгөн төлөмдөн баш тартканда (баллдар эсептелип жана лотереялык билет алынып калган учурда);
    • баллдар эсептелип калган төлөмдөрдөн көп жолу баш тартканда (30 календардык күндүн ичинде 5 жана андан көп жолу);
    • баллдардын/купондордун жасалма экендиги аныкталган учурда;
    • Уюштуруучу(MegaCom) менен түзүлгөн Байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин бузган учурда.
  • Жеңүүчү кандайча аныкталат?

    Утуш оюну башталганга чейин 5 күн калганда бардык купондорго катар номурлар ыйгарылат жана https://www.megacom.kg/megapay/offers баракчасында жарыяланат.

    Сандарды туш келди жол менен тандоочу генератордун − www.random.org электрондук лототронунун жардамы менен ишке ашырылат. Сандардын диапазону конкреттүү утуш оюнунда катышып жаткан купондордун санына барабар болот.

    12 орундуу сан лотереялык билет болуп эсептелет. Лотереялык билетке ыйгарылган катар номурун катышуучу MegaCom расмий сайтынан көрө алат. Тиешелүү байгени ойнотуу үчүн туш келди сандардын генераторун ишке киргизгенде туш келген номур менен катар номуру дал келген купон утат.

    Жеңүүчү тууралуу маалымат менен MegaCom расмий сайтынан https://www.megacom.kg/megapay/offersшилтемеси аркылуу таанышууга болот.

  • Эгерде мен байге утуп алсам, салык төлөшүм керекпи?

    КРдин Салык кодексине ылайык, утушка киреше салыгы байгени төлөп берүүчү булактан алынат жана КРдин бюджетине которулат. Демек, салыктар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт:

    • № 1-3 байгелер боюнча 9.2.- п. − «Оргтехстрой» ААК,
    • № 4-5 байгелер боюнча 9.2. -п. − «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom).
  • Ай сайын ойнотулуучу утуш оюндарына канча жолу катыша алам?

    Абонент ай сайын ойнотулуучу утуш оюнуна бир эле жолу катышууга укуктуу. Ай сайын ойнотулуучу утуш оюнунун Жеңүүчүсүнүн купону жана башка топтолгон купондору ай сайын ойнотулуучу утуш оюндарына катышуудан автоматтык түрдө чыгарылат, бирок баш байгени ойнотууда катыша алат.

  • Эгерде мен ай сайын ойнотулуучу утуш оюнун утуп алсам, баш байге ойнотулуучу утуш оюнуна катыша аламбы?

    Ооба, Сиз баш байге үчүн ат салышсаңыз болот. Башкы байге ойнотулганда бардык купондор, ал гана эмес айлык оюнда утушка ээ олгон купондор да катыша алат. Купондоруңуз канчалык көп болсо,мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору!

  • Номурду кайрадан каттоодон өткөрүүдө же колдонуучуну алмаштырууда топтолгон баллдар жана купондор жаңы колдонуучуга өткөрүлөбү?

    Кайрадан каттоодон өтүүнүн стандаттык жобосуна ылайык, баллдар сакталат жана жаңы кардарга өткөрүлөт.

  • Номурумду алмаштырып калсамчы?

    «Номур алмаштыруу» же «Номурлар менен алмашуу» кызматынын жардамы менен абоненттик номурду алмаштырууда топтолгон баллдар жана купондор жаңы абоненттик номурга өткөрүлөт.

  • Акцияга катышуу үчүн тиркемени жаңылоо талап кылынабы?

    Ооба, MegaPay тиркемесин жаңылоо керек. Тиркеменин акыркы версиясы Apple Store жана PlayMarket аркылуу жеткиликтүү. MegaPay тиркемесин жаңылабаган учурда, Акциялар бөлүмү жеткиликтүү болбойт.

  • Утушум жөнүндө кантип билем?

    Жеңүүчүлөргө утушу жөнүндө SMS-билдирүү аркылуу маалымдалат. SMS-билдирүү MegaPay сервисинде катталган абоненттик номурга (жеңүүчүгө лотереялык билет берилген номур) жөнөтүлөт.

    Мындан тышкары, SMS-билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 3 күндүн ичинде уюштуруучу жеңүүчүгө телефон чалат. Жеңүүчүгө чалуу аткаргандан күндөн тарта 3( үч)күндүн ичинде 3төн ( үч)кем эмес жолу чалуу аткарылышы керек.

  • Эгерде мен байге утуп алсам, байгемди кантип алсам болот?

    Утуш оюнунун жыйынтыктары, байгелер ойнотулгандан күндөн тарта 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, массалык маалымат каражаттарында жарыяланат жана www.megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылат.
    Утуш оюнунун жыйынтыктары расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 3 айдын ичинде жеңүүчү байгени алса болот. Жанына паспортун алып алуусу шарт.