Перейти на новый сайт
«Конуштой» лотереясына катышып, батир жана башка баалуу байгелерди утуп алыңыз!

«Конуштой» лотереясына катышып, батир жана башка баалуу байгелерди утуп алыңыз!

Мыкты сунуш! Жагымдуу жаңылык! Бишкектин экологиялык жактан эң таза райондорунун биринен бир бөлмөлүү батирге ээ болгуңуз келеби? Анда эмесе, өз мүмкүнчүлүгүңүздү колуңуздан чыгарбаңыз! MegaCom мобилдик оператору «Оргтехстрой» курулуш компаниясы менен биргеликте  «Конуштой» лотереясын ишке киргизди!

Лотерея 2018-жылдын 1-ноябрынан 2019-жылдын 13-мартына чейин өткөрүлөт жана ай сайын баалуу байгелер – батир сатып алууга 400 000 сом жана 200 000 сом өлчөмүндөгү арзандатуучу тастыктамалар, iPhone XS жана  мобилдик интернеттин 1 000 000 мегабайты ойнотулат. Лотерея алкагында ай сайын 4 утуш оюнунун, ал эми 2019-жылдын 13- мартында башкы байгенин – «Оргтехстрой» компаниясы тарабынан бериле турган жалпы аянты 49,5 ч.м. болгон бир бөлмөлүү батирдин ээси аныкталат.

Лотереяга катышуу үчүн MegaPay мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу жана ага катталуу, тиркеме аркылуу кызматтар үчүн акы төлөө жетиштүү. Ар бир жүргүзүлгөн төлөм үчүн баллдар  эсептелет. Төлөмдөрдүн эң аз суммасы 20 сомдон кем болбоосу зарыл. Маселен, Сиз коммуналдык кызматтар үчүн  350 сом төлөдүңүз дейли, бул учурда  эсебиңиз автоматтык түрдө  350 баллга толукталат. MegaPay тиркемеси аркылуу канчалык көп төлөм жүргүзсөңүз, баллдарыңыздын саны жана мүмкүнчүлүктөрүңүз ошончолук көп болот. Баллдардын  саны белгиленген чекке жеткенде лотереялык билет берилет. Алмаштыруу курсу боюнча  2 000 балл үчүн  1 лотереялык купон берилет.

Топтолгон баллдарыңыздын санын билүү үчүн MegaPay тиркемесиндеги  «Акциялар» бөлүмүнө кириңиз. Ар бир утуш оюнунун жеңүүчүлөрү random.org сайтында туш келди сандардын генераторунун жардамы менен кокусунан тандалат. Утуш оюндары  «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын, MegaCom мобилдик операторунун жана  Мамфинкөзөмөл уюмунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Онлайн-трансляция  Instagram социалдык  тармагында, ал эми видео-отчет башка соц.тармактарда жеткиликтүү болот.  

Толук маалымат  компаниянын megacom.kg расмий сайты жана 0 755 000 999 номуру аркылуу жеткиликтүү.

«Конуштой» лотереясына катышып, жаңы батирдин ачкычын алуу үчүн ат салышыңыз!   

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы