Перейти на новый сайт
MegaPay: Ыңгайлуу, ишенимдүү, коопсуз жана пайдалуу

MegaPay: Ыңгайлуу, ишенимдүү, коопсуз жана пайдалуу

MegaPay  жаңы сервиси аркылуу  MegaCom абоненттери ыңгайлуу, ылдам жана  жөнөкөй жол менен  төлөм  жүргүзө алышат!

MegaPay – электрондук капчыктын жардамы менен каалаган жерде, каалаган убакта 70тен ашуун ар түрдүү кызматтар үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгү.  Коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөйсүзбү,   акча каражаттарын которосузбу же балансыңызды толуктайсызбы – мунун бардыгын саналуу секундалардын ичинде  аткара аласыз.  Android же  iOS базасындагы түзмөгүңүзгө  AppStore жана  Google PlayMarket -те  жеткиликтүү болгон  MegaPay тиркемесин орнотуп алуу жетиштүү.

Артыкчылыктары:

✔  Жөнөкөй

 Онлайн-сервистин интерфейси бардыгына –тажрыйбалуу колдонуучуларга  да, жаңыдан үйрөнүп жаткандарга  да түшүнүктүү.

✔  Ишенимдүү

 MegaPay жаңы тиркемеси корголгон жана ага  уруксатсыз жетки алууга мүмкүн эмес.  

Абоненттердин төлөмдөрү сөзсүз түрдө  тиешелүү жерге жеткирилет. 

Үнөмдүү

 MegaPay аркылуу төлөм  жүргүзүүдө  абоненттен  комиссия алынбайт. Бардык төлөмдөр акысыз ишке ашырылат.

 MegaPay электрондук капчыгынын жардамы менен  каражаттарыңызды көзөмөлдөп, бардык төлөмдөр, төлөмдүн кайсы убакта жүргүзүлгөндүгү,  жана да которуулар тууралуу маалымат алууга болот.  

✔  Ыңгайлуу

Капчыгыңызды  жана банк карточкаларын үйүңүзгө калтырып  коюңуз!

Тиркемеге кирүү үчүн: логин –  055Ахххххх форматындагы телефон номуру, кошууда жана каттоодон өтүүдө SMS аркылуу  кабыл  алынган  4 орундуу сандан турган  жашырынсөз гана талап кылынат.          

Ылдам

Электрондук капчык аркылуу акы төлөө төлөм жүргүзүүнүн башка түрлөрүнө караганда ылдам ишке ашат: эми кезек күтүүнүн жана терминалдарды издөөнүн зарылчылыгы жок.

MegaPay  менен  оңой төлө!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы