Перейти на новый сайт

Конкурска катышып, заманбап велосипед утуп ал

Конкурска катышып, заманбап велосипед утуп ал

Эгерде сенин фантазияң күчтүү болсо, жана да чыгармачылык дараметиң ташкындап турса, анда MegaCom компаниясы уюштуруп жаткан «Сенин ХАЙПың» конкурсуна катышып, өз күчүңдү сынап көрсөң болот. 

MP4, AVI, MOV форматында оригиналдуу видео жөнөт. Ал бий, музыкалык композиция, флешмоб, трюк, тамашалуу көрүнүш түрүндө болсун – чектөөлөр жок! Бардыгын кошуп бир видео аркылуу чагылдырууга да болот. «Хайп» деген сөздүн маанисин чечмелеп берүү жетиштүү. Видеону hype@megacom.kg электрондук кутучасына 2018-жылдын 29- июлуна чейин жөнөтүү керек.

Конкурстун биринчи этабынын жыйынтыгы  2018-жылдын 1-августунда чыгарылат. Компаниянын кызматкерлеринен турган жюринин чечими менен төмөндөгү талаптарга жооп берген мыкты  9 видео тандалат:

-  «хайп»сөзүнүн маанисинин кеңири чечмелениши;

- креативдүү жана таамай берүү;

- чыгармачылык мамиле.

Экинчи турга өткөн катышуучулар фирмалык белектерге, «Алтын» категориясынын АКЫСЫЗ номурларына ээ болот,  жана да  «ХАЙП» тарифинин «М» топтомуна жарым жылга жазылышат, бул болсо  6 ай бою абоненттик төлөмсүз баарлашуу мүмкүнчүлүгү.

Тандалган жумуштар www.megacom.kg сайтына жайгаштырылат.

Экинчи этап – элдик добуш берүү. Facebook, Instagram, OK, VK аккаунттарынын жардамы менен компаниянын сайтында өзүнө жаккан видео үчүн добуш берүүгө болот. 2018-жылдын 15-августуна чейин эң көп добуш алган катышуучу жеңүүчү болуп табылат жана баш байгенин – Cube Attention тоо велосипединин ээси болот!

Роликтин хронометражы 1 мүнөткө чейин. Конкурска 16 жашка чыккан жарандар катыша алат. Адепсиз мазмундагы видеолор конкурска кабыл алынбайт.

Катышуу эрежелери Facebook соц.тармагындагы компаниянын баракчасына жайгаштырылган.

 

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы