MegaCom компаниясынын миңдеген абоненттери «Улуу Жеңиш» акциясына катышты

MegaCom компаниясынын миңдеген абоненттери «Улуу Жеңиш» акциясына катышты

9-май күнү Кыргызстанда Улуу Жеңиштин   73 жылдыгы майрамдалды. Мекенибиздин тарыхында өзгөчө алтын тамгалар менен жазылган бул күнгө карата  «Улуу Жеңиш» кайрымдуулук акциясын өткөрүү MegaCom тарабынан  демилгеленип келүүдө. 

Жалындуу жаштык курагын жаркын келечек үчүн жумшаган ардагерлерибиздин  бүгүнкү жашоосуна кайдыгер карабаган миңдеген абоненттер кайрымдуулук марафонуна катышты. 1945 кыска номуруна SMS-билдирүү жөнөтүп жатышты. Бир SMS-билдирүүнүн наркы 20 сомду түздү.  “Көп түкүрсө көл болот“ демекчи, натыйжада 343 200 сом топтолду.

Жыйналган акча каражаттары  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген тизмеге  ылайык кепилденген түрдө бөлүштүрүлүп бермекчи. Алардын саны 429 адамды түзөт. Акциянын жыйынтыктары тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтында, жана да  FacebookInstagramTwitter, Одноклассники жана VKонтакте социалдык тармактарындагы расмий баракчаларыбызда жайгаштырылган. Буга чейинки акциялардын жыйынтыктары менен бул жерден таанышууга болот.   

 «Улуу Жеңиш» SMS-марафону – бул согуштун ардагерлерин колдоого багытталган демилгеге  кыргызстандыктар тарабынан көрсөтүлгөн  көмөк, алардын  эрдигине таазим этүү. Ардагерлерге болгон терең урматтоосу, компанияга көрсөткөн ишеними үчүн акцияга катышкан ар бир абонентине MegaCom ыраазычылык билдирет.  

Мындан тышкары, өлкө боюнча ар бир ардагерге  Жеңиш Күнүнө карата компаниянын  өз каражаттарынын эсебинен бир жолку бөлүнүп берилүүчү  акча каражаты       да каралган. Кан майданда мекени үчүн жан аябай салгылашкан  жана  согуш маалында жанын үрөй оорукта эмгектенген ардагерлерибиз үчүн  майрамдык концерт да  тартууланды.

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» акциясы

    кызматы

  • «Номур алмашуу»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы