Перейти на новый сайт
MegaCom  «Данакер» аталмасынын жеңүүчүсү болуп табылды

MegaCom  «Данакер» аталмасынын жеңүүчүсү болуп табылды

Жалал-Абад  облусунда  «Бактынур» коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн ачык коомдук сурамжылоонун натыйжасында  MegaCom  «Данакер» аталмасын жеңип алды. Ыраазычылык кат КРдин Өкмөтүнүн Жалал -Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, калаа  мэринин, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жана «Бактынур» коомдук фондунун атынан тапшырылды.

Салтанат аземи  аталган облустун белгилүү коомдук ишмерлеринин, ийгиликтүү ишкерлеринин,күч түзүмдөрүнүн жана социалдык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Иш-чарада Кыргызстанда тарых жана маданият жылын өткөрүүдө өзгөчөлөнгөндөр  сыйланды.

Эсиңиздерге  сала кетсек, республикабыздын шаарларынын ичинен алгачкылардан болуп  Жалал-Абад шаарында 4G LTE заманбап технологиясы ишке киргизилди. Компания тарабынан техникалык жумуштар өткөрүлүп турат. Бул өз кезегинде облустун тургундарын жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет жана туруктуу байланыш менен камсыздоону шарттайт.Мындан тышкары, мобилдик оператор Жалал-Абад шаарынын балдар үйлөрүнө,ардагерлерине колдоо көрсөтүп, башка социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен аймакты өнүктүрүүгө өз бараандуу салымын кошуп келет. Компания маданий иш-чараларды өткөрүп турууну салтка айландырган. Сөзүбүзгө аралжы, компаниянын 10 жылдыгына карата кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт өткөргөн. MegaCom  аймактын тургундарынын мүдөөлөрүн эске алуу менен, жаңы опцияларды жана кызматтарды иштеп чыгып жана сунуштап келет. MegaCom менен байланыш ыңгайлуу, ал эми баарлашуу жагымдуу!

 

MegaCom –ишенимдүү байланыш оператору

Сунушталган кызматтар

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы