Перейти на новый сайт

MegaCom: Олимпиадачылар Кыргызстан менен байланышта

MegaCom: Олимпиадачылар Кыргызстан менен байланышта

 

Ата Мекендик мобилдик оператор аптаптуу Бразилияда жүргөн мекендештерибиз үчүн  абдан ыңгайлуу роуминг кызматтарын  сунуштап  келүүдө. Бул болсо MegaCom роуминг кызматтары аркылуу  кыргызстандык  олимпиадачылар өз мекениндеги жакындары, күйөрмандары  менен  байланышта  боло  алышат дегенди билдирет. Бразилия менен сүйлөшүү мүнөтүнүн наркы болгону 70 сомду түзөт.

Олимпиадалык  делегация, Кыргызстандан барган саякатчылар, ишкер сапарда жүргөндөр  Бразилиянын Nextel Brazil, OI Movel S.A., TIM BRASIL жана  VIVO  операторлорунун тармактарында роуминг менен пайдалана алышат. Алыскы Риодо болуп жаткан оюндардан алган таасирлери менен MegaCom роуминги аркылуу бөлүшкөн балбан Мурат Рамонов (грек-рим стили боюнча) мунун  айкын мисалы. 

MegaCom абоненттерине өз номурун алмаштырбастан эле эсептешүүнүн кийин төлөнүүчү системасы аркылуу  жакындары менен байланышта болуп, жогорку ылдамдыктагы интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат. Чет өлкөгө сапар тартаар алдында компаниянын роумингин кошуп алыңыз. Кызмат жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн тизмеси компаниянын  сайтында  жайгаштырылган.

 MegaCom Кыргызстандын Олимпиада курамасынын, жана да Риодогу Олимпиадалык оюндарды Кыргызстандын аймагында түз алып көрсөтүүнүн Башкы өнөктөшү экендигин эсиңиздерге сала кетсек.

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы