Перейти на новый сайт

Радио эфирлер аркылуу MegaComдун конкурстарына катыш

Радио эфирлер аркылуу MegaComдун конкурстарына катыш

Ийгилик кушун кармаңыз – радиотолкундарда ойнотулуп жаткан MegaCom конкурстарына катышып, мобилдик оператордун азембелегин-кол саатты утуп алыңыз.

Интерактивдүү конкурс 4G LTE түйүнүн ишке киргизүү жана компаниянын ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткандыгынын 10 жылдыгына байланыштуу өткөрүлүүдө. «Европа+», «Кыргызстан Обондору» радиолорунда жана Record радиосунун «Мега таң» берүүсүн кунт коюп угуу менен, «Mega 4G» конкурсунун шарттары менен таанышыңыз. Кантип катыша алам деп сурагыңыз келип жаткандыр? Бул эң жөнөкөй – конкурстун башталгандыгы тууралуу жарыяланар замат, алып баруучуга чалып байланышып, компания же 4G менен байланыштуу болгон эң жөнөкөй суроого жооп бериңиз. Эгерде эфирде айтылып жаткан маалыматтарды кунт коюп уккан болсоңуз, суроолордун жоопторун оңой эле табасыз.

4G LTEни ишке киргизүүгө байланыштуу өткөрүлүп жаткан конкурстардан тышкары, компания өз сүйүктүү абоненттери үчүн бир катар күтүүсүз жагымдуу белектерди даярдоодо. Компаниянын сайтынан жана #MegaComKg.хештеги аркылуу социалдык тармактардагы баракчаларынан компаниянын жаңылыктары менен таанышыңыз.

Кызыктуу конкурстардан четте калбастан, MegaCom белектеринин ээси болуңуз.

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы