Перейти на новый сайт

«МегаЖардамчы» колдонмосунун ыңгайлуулугун 50 миңге жакын MegaCom абоненттери баалашты

«МегаЖардамчы» колдонмосунун ыңгайлуулугун 50 миңге жакын MegaCom абоненттери баалашты

2016-жылдын январынан тарта «МегаЖардамчы» жаңы заманбап дизайнда. Эми жаңыртылган колдонмо Android жана iOS операциялык тутумдарында иштеген смартфондордун колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Колдонмо менен 10 миңден ашуун абоненттер активдүү колдонууда.

Талант, MegaCom байланышын 3 жылдан бери колдонуп келет:
«Колдонмону өткөн жылдын жай айында жүктөп алгам. Мага жакканы, аракеттеги кызматтардын жана учурдагы балансыңдын абалын билүү үчүн атайын буйрууларды эстеп калуунун жана балансыңда канча каражат калганын эсептегендин зарылчылыгы жок. Сарптаган каражаттарымды жана топтомдордун калдыктарын ар дайым текшере алам».

Азиза, MegaCom кызматтарынан компания уюшулгандан тарта (10 жылдан бери) колдонуп келүүдө:
«Мага абдан жакканы- тигил же бул кызматты кошуу же өчүрүү үчүн линияда адистин жообун күтүү талап кылынбай тургандыгы. Мунун бардыгын «МегаЖардамчы» аркылуу көз -ачып жумгуча биле алам. Жаңы дизайн жагат».

Өз телефонуңузга «МегаЖардамчы» колдонмосун киргизип алыңыз. AppStore жана Google play аркылуу көчүрүп алууга мүмкүн болгон жаңыртылган колдонмо менен акыркы жаңылыктардын борборунда болуп жана MegaComдун жагымдуу сунуштарынан кабардар болуңуз.

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы