Перейти на новый сайт

Дзюдо боюнча спорт чебери Болот Токтогонов: “Бардыгыбыз спорт менен машыгуубуз зарыл”

Дзюдо боюнча спорт чебери Болот Токтогонов: “Бардыгыбыз спорт менен машыгуубуз зарыл”

Кыргызстандын олимпиада курама командасынын башкы өнөктөшү MegaCom мобилдик оператору, “Инсандын таржымалы” спорттук  долбоорунун алкагында, Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарында өтүүчү 2016-жылдын жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоочу чыгаан спортчуларыбыз менен тааныштырууну улантмакчы. Буга чейин бизде мейманда болгон  таланттуу он бир каарманыбыздын таржымалы менен мобилдик оператордун расмий сайтындагы Олимпиада-2016 бөлүгүнөн таанышууга болот. Бүгүнкү маек, өлкөбүздүн дагы бир чыгаан жигити, Кыргызстандын дзюдо боюнча эл аралык спорт чебери, жаштар арасында өткөрүлгөн Азия Чемпионатынын “алтын” медалынын эки жолку ээси, Сингапурдагы  өспүрүмдөр арасында болуп өткөн алгачкы Олимпиадалык  оюндарынын  коло медалынын ээси, Болот Токтогонов менен болмокчу.  

 

Болот, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Спорт менен канча убакыттан бери машыгып келесиз?

Мен Талас районундагы Көк-Башат айылынын кулуну болом. Беш жашымда үй-бүлөм менен Бишкекке көчүп келип, борбор калаада өсүп чоңойгом. Жетинчи класстан тарта дзюдо менен машыгууну баштагам. Андан соң, олимпиадалык резервдин Республикалык окуу жайына тапшырып, ал жерден спорттун бул түрүндө чоң жетишкендиктерге жетүүнү каалап, активдүү машыгууну баштагам. Жалпысынан он жылдан бери машыгып келем, анын беш жылы профессионалдуу түрдө.     

Спортко Сизди ким алып келди эле

Атам спорттун чоң күйөрманы жана күрөш боюнча спорт чебери. Спортко болгон кызыгуума жана жетишкендиктериме атамдын мага болгон ишеними себептүү болгон. Менин спортчу болушума атам жигердүү салым кошкон.

Спорт жаатында кумириңиз барбы?

Менин кумирим болгон спортчулар бүгүнкү күндө менин атаандаштарым, алар менен эл аралык турнирлерде күрөшүп калам. Ошол себептен азыркы убакытта кумирим жок. Мен үчүн өзүмө талап кое билүүм, мындан  күчтүү болууга аракет кылуум  маанилүү.     

Дзюдо менен машыгууда жаракат алуу мүмкүн. Буга карабастан машыгып келесизби?

Албетте, спорттун бардык түрлөрүндө, өзгөчө профессионалдуу түрдө машыгып жүргөн учурда жаракат алууң мүмкүн. Ал жөнүндө ойлонбостон, машыгууну үзгүлтүксүз улантуу керек. Дзюдо менен машыккан спортчуларды алсак, алардын көбү кулагынан жана муундарынан  жаракат алышат. Маселен, мен тиземе жаракат алгам жана бүгүнкү күнү дарыланып жатам. Ошончолук машыгып келип, жаракат үчүн токтоп калуу туура эмес деп ойлойм.  

Олимпиадага болгон даярдыгыңыз кандай?

Жогоруда айтып кеткендей, жаракат алгандыгыма байланыштуу дарыланып жатам. Бирок жакында машыгууну улантам. Буга чейин Азия  чемпионатыга  катышып, тилекке каршы, бешинчи орунду ээлегем. Андан соң, Беларусияда турнир болуп, ал жактан жаракат алгам. Алдыда ноябрь айында Кытайда өтүүчү турнир күтүп турат, ага кызуу даярдык көрмөкчүмүн.  

Жакын арадагы максаттарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз. 

Пландарымда спорттогу өз ишмердүүлүгүмдү улантуу. Жеке жашоомо такыр убакыт жок. Олимпиададан кийин өзгөчө көңүл бурсам деген оюм бар (күлүп жооп берди).

Спорт дүйнөсүнө жаңыдан баш баккан  спортчуларга Сиздин каалоолоруңуз. 

Талыкпаган аракет. Спортто ийгиликке  жетүү үчүн чыдамкай болуу керек. Жаракатка да кабылууң мүмкүн. Кесипкөй болбосо да спорт менен машыгуу зарыл.

Байланыш операторуңуз кайсы?

Менин байланыш операторум – MegaCom. Менин номурум кооз номур жана оңой эле эсте калат. Аталган мобилдик оператор көптөгөн спортчуларды колдоп, өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө салым кошуп келгендигин билем. Компаниянын жамаатына ийгилик каалап кетким келет!

Сунушталган кызматтар

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы