MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 12-февралда төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Чүй облусунун Ставропавловка, Новониколаевка, Панфиловка, Маевка айылдары, Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев проспектиси, Шопоков жана Школьная көчөлөрү;
- Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасы, Үч-Коргон ГЭСнин жана айыл башкармалыгы жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы