Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы ISO 9001:2000 сапат сертификатына ээ болду.


MegaCom компаниясы ISO 9001:2000 сапат сертификатына ээ болду.


2008-жылдын ноябрь айынын башында MegaCom компаниясы сапат менеджментинин сертификация системасынан ийгилктүү өтүп, “Евро-Регистр” сертификациялоо системасынын ISO 9000 эларалык сапат стандартарынын талаптарына туура келерин далилдеген Кыргызстандагы биринчи уюлдук оператору болду.

MegaCom компаниясы ISO 9001:2000 эларалык сапат стандарттарынын сапат менеджментинин системасына туура келишин Россиядагы сертификаттоо мекемелердин арасында эң компетентүү, “Евро-Регистр” системасында, ошондой эле BQI (Bereau Quality International) аккредиттелген, “Укук-ченемдик документтерин даярдоо борбору” тарабынан тастыкталды. Натыйжада MegaCom эларалык тура келүү сертификатын (№ RUS RU.N122.04EP/ОС.СМК.00343-08) жана сертификаттоонун Европалык системасынын ER Goodwill Certification System «EURO-REGISTR» белгиси менен пайдалануу укугуна ээ болду.

MegaCom компаниясынын эң негизги максаты болуп калкка сапатуу байланыш кызматын көрсөтүү болуп эсептелинет. Бул чөйрөдө сапатту иштөөнүн көрсөткүчү болуп MegaCom түйүнүнүн кызматын тандашкан абоненттерибиз. 2 жыл жана 3 айдын ичинде компаниянын абоненттик базасы миллион деген чекке келип жетти. (КМШ уюлдук операторлорунун арасында жалгыз гана москвалык МегаФон компаниясы ушундай ийгиликтерге жетише алды).

Кардарлардын санынын туруктуу түрдө өсүп турушунун себеби – жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматын көрсөтүүнү камсыз кылган компаниянын менеджментинин иши. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сапат боюнча сыйлыкты алып, MegaCom компаниясы өзүнүн чөйрөсүндө өнүгүүсүн улантууда. Ошондуктан сертификация башталардын алдында компания ISO стандарттарына жакындап калган.

Сертификациянын алдында аудит өткөрүп жатып, Кыргызстандын уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө зор абройго ээ болушунун себеби компаниянын иштөөсүнүн жогорку сапаты жана абоненттеринин талаптарына толугу менен жооп берүү болуп эсептешет Технорматив» компаниясынын эксперттери. «Компаниянын жетекчилиги сапат менеджментинин системасын туура түзө биле турган мекемелер өтө элей сейрек кезигет, - деп баяндай «Технорматив» компаниясынын эксперт-аудитору Ирина Кузнецова. – MegaCom компаниясы менен иштөөбүздө эң негизги өзгөчөлүк, бул компаниянын жетекчилиги жана бүт эле командасы биздин ар бир сөзүбүзгө дароо эле туура мани берип, тапшырмаларыбызды тез аранын ичинде жана сапаттуу аткарып беришинде.

Эффективдүү сапат менеджментинин болушу, ISO сертификаты анна көзкаранды профессионалдык жактан баалоо менен тастыкталды – бул болсо компания эларалык деңгээлде үзгүлтүксүз өнүгүп келе жатат дегендик. MegaCom компаниясы үчүн ушул сертификат рынокто лидерлик позициясын орнотууга, ал эми анын абоненттери үчүн – көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатуулугун кепилдендирип турат.

«Бул серитфиикатка татыктуу болушубуз, демек компания жалпысынан эле эффективдүү иштеп келе жатат дегендик, - деп белгилейт MegaCom компаниясынын сапатты башкаруу боюнча директору Александр Кубрин. – Учурда компаниянын сапат менеджмент системасы компаниянын ишмердүүлүгүн бардык тараптан камтыйт: башкаруу, өндүрүштү пландаштыруу жана уюштуруу, технологиялык жана IT-процесстери, шаймандар менен камсыз кылуучу ишканалар менен иштөө, абоненттерди тейлөө жана кызматкерлерди окутуу. Ошентип, кардарларды сапатту байланыш менен камсыздоо процесси иш учурунда чечилип турат».

MegaCom компаниясы туура багытты тандагандыгы абоненттик базанын тынымсыз өсүшү, абоненттердин байланышты баалагандыгы, сертификаттоо алкагында абоненттер канааттангандыгы далилдеп турат. Көрсөтүлүп жаткан байланыш кызматына тологу менен канааттанган абоненттердин саны 84% түздү.

ISO 9000 эларалык стандарттарынын сериясына туура келгендик – биздин ишибиздин башы гана. MegaCom компаниясынын алдында эми ушул жетишкен ийгиликтерде калбай, абоненттерибизди сапаттуу байланыш менен камсыз кылып, Кыргызстандын теленкоммуникация рыногунда алдыңкылардан болуп кала берүү.

 

ISO9001:2000 эларалык стандартына туура келүү сертификаты



Сен «555 Командасын» тандадың – Сен келечегиңди тандадың!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы