Перейти на новый сайт

MEGA: iPhone 15 үчүн акысыз eSIM

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору iPhone 15 жана iPhone 15 Pro телефондорунун ээлерине eSIM технологияларын толугу менен акысыз кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

 eSIM жаңычыл технологиясын активдештирүү Кыргызстан аймагы боюнча MEGA компаниясынын учурдагы жана жаңы абоненттери үчүн жеткиликтүү.

eSIM — кадимки SIM-картаны  алмаштыра ала турган технология. Ал жаңы үлгүдөгү гаджеттерге орнотулган. Аны өзүнчө,  же болбосо ар кандай тарифтери менен 2 номерди кошуп алуу үчүн кадимки SIM-карта менен бирге колдонууга  болот.

eSIM кандай артыкчылыктарга ээ?

Колдонуу оңой: QR-кодду сканерлөө;

Ылдамдык: түзмөктү ачуунун жана пластикалык SIM-картаны башка уячага кайра салуунун кереги жок;

Ыңгайлуулугу: экинчи номерди бир SIM-карталуу смартфондо да колдонууга болот;

Коопсуздук: eSIM-картаны жоготуп алуу же бузуп алуу мүмкүн эмес.

eSIM технологиясы тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат жана тейлөө процессин тездетет. eSIM алуу үчүн, сизде eSIM технологиясын, анын ичинде төмөнкү түзмөк үлгүлөрүн  колдогон телефондун, сааттын же планшеттин  болушу гана жетиштүү:

  • iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max, 12, 12 mini, 12 Pro, 12 Pro Max, iPhone 13, iPhone 13 mini, iPhone 13 Pro, iPhone 13 Pro Max, iPhone 14, iPhone 14 Max, iPhone 14 Pro, iPhone 14 Pro Max, iPhone 15, iPhone 15 Pro, iPhone 15 Pro Max;
  • Samsung Galaxy S20 Ultra 5G, Samsung Galaxy S20+ 5G, Samsung Galaxy S20 5G, Samsung Galaxy S20+, Samsung Galaxy S20, Samsung Galaxy Z Flip, Samsung Galaxy Fold;
  •  Google Pixel смартфондору;
  • eSIM колдоосу бар планшеттер;
  • eSIM колдоосу бар акылдуу сааттар.

eSIM'ди активдештирүү үчүн, абоненттер каалаган MEGA Сатуу жана тейлөө борборуна же корпоративдик жана VIP-кардарлар менен иштөө бөлүмүнө кайрылып, бир гаджетте бир эле учурда колдонууга мүмкүн болгон уникалдуу QR- кодду алышы керек.

Көңүл бурунуз! eSIM-картанын QR-коду – бул сиздин номериңизге кирүү мүмкүнчүлүгү. Аны коопсуз жерге сактаңыз.

MEGA – ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты колдон!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы