Перейти на новый сайт
MEGA «MEGA Инвестициялар» уникалдык сервисин тартуулады

18-августта Бишкек шаарында «Кыргызстандагы мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» деген темада практикалык конференция өттү. Иш чарага Каржы министрлигин, Кыргыз фондулук биржасынын Москва жана Казакстан фондулук биржасынын , ошондой эле коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Форум алкагында «Кыргызмобайлкомпани» («Альфа Телеком» ЖАКтын туунду компаниясы) жана Кыргыз фондулук биржасынын өкүлдөрү  «MEGA Инвестициялар» – мамлекеттик баалуу кагаздарды, корпоративдик акцияларды жана облигацияларды сатып алуу сервисинин бет ачаарын өткөрүштү.

«MEGA Инвестициялар» – Кыргыз фондулук биржасынын жана брокердик компаниялардын санариптик платформасына өтүүгө , ошондой эле брокердик компания аркылуу баалуу кагаздарды онлайн сатып алууга мүмкүндүк түзгөн уникалдык сервис.

Көрсөтүлгөн платформада инвесторлор брокердик компаниялардын кеңсесине келбестен, санариптик келишим түзүү менен баалуу кагаздарды сатып ала алышат. Ошондой эле брокердик кызматтарга MegaPay аркылуу төлөм аткаруу болот. Бул сервис жакын арада, MegaPay`дин банк аркылуу идентификациядан өткөн колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат жана коммерциялык банктардагы депозиттерге альтернатива катары чыга алат. Ар бир жаран мобилдик тиркеме аркылуу инвестициялай алат. Жакында Кыргызстанда санариптик платформа ишке кирет, анда КФБ листинг процедурасынан өткөн корпоративдик акциялар жана облигациялар реалдуу убакыт режиминде жеткиликтүү болот. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары бул сервис аркылуу жеткиликтүү болорун баса белгилеп кетким келет”, – деди Кыргызстандын каржы министринин орун басары Руслан Татиков.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы