Перейти на новый сайт
MegaCom: акысыз Wi-Fi бардыгы үчүн

MegaCom: акысыз Wi-Fi бардыгы үчүн

 

Интернет ааламына саякат жасоону сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу жаңылык! MegaCom компаниясы Vefa Center соода борборунун имаратында акысыз Wi-Fi  түйүнү ишке киргизилгендигин маалымдайт. Wi-Fi технологиясынын колдоосу болгон мобилдик телефондордун, планшеттердин жана ноутбуктардын ээлери интернет кызматтарынан чектөөсүз колдоно алышат. Мисалы: электрондук почта менен иштөө, сайттарды көрүү, жаңылыктарды окуу, мессенджерлерде баарлашуу жана башкалар.

Интернетке жетки алуу үчүн, жеткиликтүү түйүндөрдүн тизмесинен «MegaCom Wi-Fi» же «MegaCom_Wi-Fi_5GHz» түйүнүн тандоо, андан кийин авторлоштуруу – өз номурун  0AAAхххххх форматында киргизүү, жана да кодду алуу зарыл. Белгилей кетсек, бул кызмат тесттик  шарттамда иштейт жана  Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун абоненттери үчүн жеткиликтүү.

«Ири уюмдардын калаанын калк көп чогулуучу жайларында толук кандуу жана акысыз  Wi-Fi-инфраструктурасын түзүүсү бул жалпы дүйнөлүк тенденция. Биз да ушул багытта иш алып баруубуз керек деп ойлойбуз. Абоненттерибизге эле эмес, борбор шаарыбыздын тургундарына жана меймандарына да мындай ыңгайлуу кызматты көрсөтүү биз үчун маанилүү», – деп белгилей кетти, MegaCom компаниясынын Санариптик маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Николай Кан.    

Кызматты кошуу жана анын шарттары тууралуу толук маалымат компаниянын  megacom.kg расмий сайтында.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы