Перейти на новый сайт

MegaCom: Бишкек жана Ош шаарларында 4G түйүнүн кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды

MegaCom: Бишкек жана Ош шаарларында 4G түйүнүн кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды

Түйүндү техникалык өнүктүрүүнүн алкагында MegaCom компаниясы тарабынан 4G түйүнүн өнүктүрүү колго алынып келүүдө, тактап айтсак, Бишкек жана Ош шаарларында төртүнчү муун түйүнүндө маалымат алмашуунун ылдамдыгы жогорулады.

Оптимизациялоонун натыйжасында мекенибиздин  калк жыш жайгашкан ири эки шаарында мобилдик интернеттин ылдамдыгы мурдагыдан ыкчам болуп калса, өндүрүш аймактарында жана жаңы конуштарда болсо сигналдын жакшыргандыгы  байкалды.

MegaCom компаниясынын техникалык адистери калктын саны анча көп болбогон айыл-кыштактарды да көз жаздымга калтырбай келет. Жаңы базалык станцияларды ишке киргизилиши менен төмөндөгү айылдар 3G стандартындагы байланыш менен камсыз болушту: Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алга, Чуңкур-Кыштак, Адыр, Бексе, Мыргылжек айылдары, Лейлек районундагы Алга айылы. Мындан тышкары, аракеттеги базалык станциялардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү бир кыйла жогорулады. Чүй облусундагы Кашка-Баш айылында болсо 3G түйүнү жакшыртылды.

Түйүндүн каптоо аймагы тууралуу маалыматты Каптоо аймагынын интерактивдүү картасынан  онлайн режимде көрүүгө болот.  Бул картадан жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлине көз салып, жана да 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы  4G- каптоосу тууралуу маалымат ала аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы