Перейти на новый сайт
MegaCom интернет-роуминги менен Африкага саякат жаса!

MegaCom интернет-роуминги менен Африкага саякат жаса!

 

MegaCom компаниясы Интернет-роуминг менен колдонууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтип  келет.Эми мекендештерибиз алыскы  Буркина-Фасо мамлекетине саякатка барган учурда да Интернет-роуминг кызматынын ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрүнөн колдоно алышат.

Vodafone Czech Republic a.s. (Чехия), Onatel S.A. (Буркина-Фасо), Vodacom (Pty) Ltd (Түштүк Африка Республикасы) жана  Vodafone – Albania (Албания) операторлорунун конок түйүндөрүндө жакындар менен сүйлөшүп, социалдык баракчаларды барактап, электрондук  каттарды жөнөтүүгө болот.

Роумингде абоненттердин каалоосуна төп келген көптөгөн кызматтар каралган. Мисалы,  текст түрүндөгү билдирүүлөр менен алмашууну каалагандар үчүн  «SMS 25» топтому иштелип чыккан. Болгону 95 сом төлөө менен топтомду 10 күнгө  кошуп алып, роумингде  SMS-билдирүүлөрдү ыңгайлуу баада жөнөтө аласыз.

Бөтөн өлкөдө жүргөн учурда балансында каражаты жок болуп калган абоненттер үчүн   «Роумингде балансымды толукта»  каралган. Тактап айтсак, алыста жүрүп мындай жагдайга кабылган абонент мобилдик эсебин толуктап коюу өтүнүчү менен жакындарына кайрылса болот.

Чет өлкөлөргө сапарга чыгуунун алдында роумингди кошуп алууну эсиңизден чыгарбаңыз! Бул үчүн Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна кайрылыңыз. Компаниянын кесипкөй адистери Сизди кызмат жеткиликтүү болгон  өлкөлөрдүн тизмеси менен тааныштырат.

Роумингде  маалыматтарды  берүү  3G/GPRS-роумингдин  аракеттеги тарифтерине ылайык тарифтелет. Тарифтер тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган «Роуминг» бөлүмүнөн алууга болот.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы