Перейти на новый сайт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрү боюнча мыкты чабуулчуга MegaCom компаниясы 100 000 сом тапшырды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрү боюнча мыкты чабуулчуга MegaCom компаниясы 100 000 сом тапшырды

Мына, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жыйынтыктоочу күн да келип жетти көрүнөт.  Дал ушул күнү көрүүчүлөр көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан мелдештердин бирине – көк бөрү оюнуна күбө боло алышты. Финалдык мелдеште спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын жана Казакстандын эр азаматтары беттешип, жыйынтыгында, Кыргызстандын курамасы 15:3 эсебинде алдыга озуу менен, өлкөбүздүн жалпы эсебине алтын байгени кошту.

MegaCom компаниясы II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын башкы демөөрчүсү катары, өлкөбүздүн көк бөрү оюну боюнча курама тобунун мыкты чабуулчусуна  100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай байге жана фирмалык сувенирлерди белекке берди. Чолпон-Ата ат майданында 2016-ж. Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын меймандары үчүн байланыш кызматтарын  көрсөтүп жаткан MegaCom Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунда компаниянын  жалпы жамааты чогулуп, жеңүүчүнү куттуктап жатышты.

«Эң мыкты чабуулчу» номинациясынын ээси- Ош шаарынын тургуну 23 жаштагы Манас Ниязов:  «Менин кубанычым койнума батпай турат! MegaCom компаниясынын жамаатына ушундай байгеси, жылуу маанайда тосуп алгандыгы үчүн ырахмат! Тайказанга беш жолу ийгиликтүү чабуул жасаганым үчүн жанга шерик менин атым – Бойкого ыраазымын. Мен 5 жылдан бери улак тартып келем, бул оюндар мен үчүн сүйүктүү ишимди улантууга, мындан ары дагы машыгууга жана башкаларды үйрөтүүгө дем берди!».

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн саат 20:30да Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Расмий жабылуу аземи өтөт, бул иш-чараны 16дан ашуун ММК түз алып көрсөтөт. Ата Мекендик жана чет элдик артисттердин өнөрлөрүнө суктаныңыз жана жана дүйнөлүк хиттерди улуттук аспаптарда ойноо менен коштолгон кечени өткөрүп жибербеңиз.

MegaCom – күч биримдиги, рух биримдиги!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы