Перейти на новый сайт
MegaCom: Балдарыңыз үчүн камсанабаңыз

MegaCom: Балдарыңыз үчүн камсанабаңыз

 

Жаңы окуу жылы башталып балдар мектепке барып, билим берүү курстарына жана сабактарына жазыла баштады. Азыркы кезде ар бир балада мобилдик телефон бар, балдарынын камын көргөн ата-энелер уулу же кызы кайсыл жерде жүргөнүн MegaComдун «Балдар кайда?» кызматынын жардамы менен биле алышат.

Бул пайдалуу кызматты кошуу үчүн балаңыздын номурун көрсөтүп *089*055Ахххххх# буйруусун териңиз. Балаңыз макулдугун билдирүү үчүн Сиздин сурамыңызга жооп катары «1» саны менен SMS жөнөтүүсү зарыл. *089*055Ахххххх# буйруусун терүүдө балаңыздын жүргөн жерин билдирген интернет-картага шилтемеси менен SMS-билдирүү келет, шилтемени ачууда интернет-трафик акысыз болот. Ошондой эле кызмат менен iOS жана Android платформасында жеткиликтүү болгон «Мегажардамчы» мобилдик колдонмосунун жардамы менен пайдаланууга мүмкүн. Мындан тышкары «Автомаалымдоо» кызматынын жардамы менен күн сайын баланын жүргөн жери тууралуу билдирүүлөрдү алууга мүмкүн.

Балдарга шашылыш жагдайда SOS сигналын жөнөтүүнү үйрөтүңүз, балаңыз басмакты бир жолу басуу менен буйруу жөнөтүш үчүн *91# буйруусун тез чалууга кошуңуз. Бул учурда баланын жүргөн жери тууралуу маалыматты камтыган шашылыш SMS-билдирүү кызматка кошулган бардык ата-энелерге жөнөтүлөт. Бир айда эки шашылыш билдирүүнү жөнөтүү толугу менен акысыз!

Кызматта ай сайын алынуучу төлөмдөр каралган эмес, абоненттик төлөм жок болгондуктан кызматты сизге керек болгон учурда гана колдонсоңуз болот.

Кызмат тууралуу толугураак маалыматты компаниянын сайтынан жана *89 чакыруу, номурунан билүүгө мүмкүн, MegaCom абонентери үчүн чалуу акысыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы