Перейти на новый сайт

MegaCom: Номуруңузду 1-февралга чейин каттоодон өткөрүңүз

MegaCom: Номуруңузду 1-февралга чейин каттоодон өткөрүңүз

MegaCom компаниясы 2016-жылдын 1-февралына чейин, SIM-карталарды каттоодон өткөрүү зарыл экендигин эсиңиздерге салат.

Абоненттерди идентификациялоо — мобилдик шылуундардын мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу жана келишимдик абоненттер үчүн гана жеткиликтүү болгон, жеке эсебинин деталдоосун алуу, номурду ыкчам калыбына келтирүү, SIM-картага убактылуу бөгөт салуу жана башка бир катар артыкчылыктардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган тартип.
Ийгиликтин үлгүсү болгон Европа өлкөлөрүндөгүдөй эми кыргызстандыктар да оператор менен уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүүгө милдеттүү.
MegaCom абоненттери *400 акысыз кызматынан пайдаланып, SIM-карталарды каттоо тууралуу толук маалыматты ала алышат.

Персонификация тартибинен өтүү үчүн компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна же Фирмалык салонуна кайрылуу зарыл. Өзүнүн жанында инсандыгын аныктаган документтин болушу зарыл.

MegaCom, SIM-картаны каттоодон өткөрүү тартиби акысыз көрсөтүлөт жана Кыргызстандын мобилдик байланыш операторлорунун бардык абоненттери үчүн милдеттүү экендигинин эске салат.

 

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Пауза

    кызматы