MegaCom Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитинин өнөктөшү
MegaCom мобилдик оператору, Бишкекте 2013-жылдын 13-сентябрында, өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн жетекчилеринин жыйынына өнөктөш болду.
КРдин тышкы иштер Министрлигинин жана алдыңкы уюлдук оператордун ортосундагы кызматташтыктын алкагында MegaCom компаниясы ШКУнун отурумунун уюштуруу комитетин ыкчам мобилдик интернет менен камсыз кылды.
MegaCom түйүнүнө кошулган Huawei планшеттери өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин өкүлдөрүнө берилди.