Перейти на новый сайт

Vefa соода борборундагы MegaCom тейлөө борбору туулган күнүн белгилейт!

Vefa соода борборундагы MegaCom тейлөө борбору туулган күнүн белгилейт!

SMS-баарлашуунун сүйүүчүлөрү үчүн кубанычтуу жаңылык! MegaCom, Vefa соода борборундагы сатуу жана тейлөө борборунун (СТБ) туулган күнүнө карата “Бонус SMS” акциясынын өткөрүлүшү жөнүндө жарыялайт.

Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда, Горький көчөсү 27/1 дареги боюнча жайгашкан “Vefa Center" соода борборунун 1-кабатындагы СТБдан өз балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттер түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз 20 SMSти 10 күнгө ала алышат! Жаңы SIM-карта сатып алган ар бир абонентке – 30 акысыз SMSтен турган бонустук топтом берилет. Ал эми, аталган тейлөө борборунда өз балансын кайрадан толуктаганда акысыз SMSтер суммаланып (кошулуп), алардын иштөө мөөнөтү акыркы жолу балансты толуктаган учурдан тарта 10 күнгө узартылат. Белекке берилген бонустан 10 күндүн ичинде пайдаланууга болот жана бонустун абалын *505# буйруусун терүү аркылуу текшерүүгө болот.

Vefa соода борборунда жайгашкан жаңы сатуу жана тейлөө борборунун иштөө убактысы – күнүгө саат 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз. Компаниянын бардык сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери жөнүндө компаниянын расмий сайтынан билүүгө болот.

MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы