MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 7-августта, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Нариман, Куршаб, Монок айылдары, Кара-Суу шаары жана Ош шаарындагы Алишер Навои, Курган-Төбө жана Исанов көчөсү;
- Чүй облусунун Жаңы-Жер айылы;
- Нарын облусунун Жаңы-Жер, Чекилдек, Эпкин, Кара-Мойнок, Чаек, Арал жана Акмуз айылдары жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы