Перейти на новый сайт

Токтогул шаарчасында MegaComдун кардарларды тейлөө борбору ачылды

Токтогул шаарчасында MegaComдун кардарларды тейлөө борбору ачылды

Жаңы сатуу жана тейлөө борбору- MegaCom абоненттери үчүн тейлөө кызматтарына байланышкан каалаган маселелерин тез аранын ичинде чечүү мүмкүнчүлүгү. Абоненттер балансты комиссиясыз толтуруп, мобилдик байланыш, тарифтердин түрлөрү боюнча жеке кеңештерди ала алышат.

MegaCom компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү ай сайын өсүп, байланыш тармагы күндөн-күнгө кулач жайып келет. Бул болсо, компаниянын алдында талыкпаган эмгекти талап кылган зор келечек максаттар турат дегенди билдирет. Токтогул шаарчасындагы ачылган жаңы СТБ жалпы шаар тургундарына белек катары тартууланды, буга салтанаттуу иш-чаранын майрамдык маанайда өткөндүгү мисал боло алат. Чогулган меймандар интерактивдүү конкурстарга катышып, компаниянын фирмалык белектерине ээ болушту. Сүйүктүү обондордун, шоу программанын, жагымдуу ырлардын, бийдин коштоосунда өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чара чогулган меймандардын маанайын көтөрдү.

“Мен MegaCom компаниясынын кызматтарынан көптөн бери пайдаланып келем, бирок ыңгайлуу баарлашууну шарттаган кызматтар жөнүндөгү маалыматты бүгүн гана толугураак биле алдым. Мен жаңы тейлөө борборунун адистеринин жардамы менен “559” тарифтик планына кошулуп, “Нөл 559” атайын сунушун номурумда активдештирдим. Эми, 559 кодунун ичинде акысыз баарлашып жана башка уюлдук операторлордун номурларына болгону 40 тыйындан чала алам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен MegaCom компаниясынын жетекчилигине сапаттуу байланыш кызматтары жана кардарларга болгон камкордугу үчүн терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин”, - деп ой бөлүшө кетти аталган аймактын тургуну Турсун.

Токтогул шаарчасындагы жаңы ачылган СТБнын адистери аптанын бардык күндөрү, саат 09:00дөн 18:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт. Дареги: Токтогул шаарчасы, Шарипов көчөсү .

Көңүл буруңуз! Компаниянын жаңы Тейлөө борборунда MegaCom тармагына кошулган жана балансын 50 сомдон ашык суммага толуктаган абоненттер автоматтык түрдө акцияга катыша алышат жана 5 күнгө тармак ичиндеги акысыз баарлашуу үчүн 10 мүнөткө, ал эми күмүш, алтын же платина категориясындагы номурларды алууда кепилденген 20 мүнөт белек катары тартууланат. MegaCom компаниясынын абоненттеринин катарын толуктап, жаңы Тейлөө борборунан белектерди алыңыз. Бонустук акция жаңы СТБ ачылган күндөн тарта бир айга созулат.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы