Перейти на новый сайт
Словакияда да MegaComдун мобилдик интернети менен пайдалануу мүмкүн

Словакияда да MegaComдун мобилдик интернети менен пайдалануу мүмкүн

MegaCom Словакиядагы Slovak Telekom, a.s. операторунун тармагында GPRS-роумингин ишке киргизди. Эми, MegaComдун абоненттери жакындары жана кесиптештери менен телефон аркылуу гана байланышпастан, мобилдик интернет, WAP жана MMS кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири пайдалана алышат.

Мобилдик интернет аркылуу өз үйүнөн алыс болгон абоненттер сүйүктүү сайттарга кирип, ар дайым дүйнөлүк интернет желесинин ресурстарынан маалымат алышат.

“Бүгүнкү күндө, интернет адамзаттын жашоосунда өзгөчө орунга ээ. “Мобилдик интернет” кызматы, MegaComдун абоненттерине чөнтөк телефонду модем катары колдонуп, Кыргызстандын аймагында зымсыз интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бирок тез алмашуучу жаңы технологиялар доорунда, өз уюлдук операторунун тармагынан тышкары дагы ар дайым байланышта болуу өтө маанилүү. Ошондуктан, өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору GPRS-роуминг кызматын башка өлкөлөрдө активдүү киргизип жатат” – деп белгиледи, компаниянын роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

MegaComдун GPRS-роуминг кызматына кошулуп, мобилдик интернеттин чексиз мүмкүнчүлүктөрүнө ортоктош болуңуз.

Кызматтар боюнча тарифтер, өлкөлөрдүн жана өнөктөш - операторлордун тизмеси менен MegaComдун сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана *500 же 0555 500000 номерлери боюнча Кардарларды колдоо кызматынын адистеринен жана MegaCom компаниясынын расмий сайтынан таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы