MegaCom менен Танзанияда да байланышта болуу мүмкүн
Эми, Танзаниянын Zantel Tanzania операторунун тармагында MegaCom абоненттери GPRS-роуминги аркылуу Кыргызстанда колдонуп жүргөн бардык кызматтар менен пайдалана алат.
«GPRS-роуминг» кызматынын жардамы менен абоненттер мобилдик телефонунан интернет менен пайдаланып, жакындарына өз телефонунун фотокамерасы менен тартылган сүрөттү бир саамда жөнөтүп, жакындары жана достору менен баарлашуудан ырахат ала алышат.
MegaCom абоненттери роумингде болуп туруп дагы өз номерлеринен чалуу аткаргандыктан, жакындары алардын мекенинен алыс өлкөдөн байланышка чыгып жатканын да байкабай калышат. Тарифтик пландардын, төлөмдөрдүн ыңгайлуулугу үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылат.