Перейти на новый сайт

MegaComдон Nokia С2-01 телефонун төмөн баада сатып алса болот

MegaComдон Nokia С2-01 телефонун төмөн баада сатып алса болот

Megacom уюлдук оператору өз абоненттерине түстүү QVGA дисплейи менен заманбап Nokia С2-01 аппаратын сунуштайт. Мыкты сапат менен ыңгайлуу баанын - 3 400 сомдун айкалышы сиз үчүн оптималдуу чечим болмокчу. Функционалдык топтомду интернет-трафиктин 100күнгө берилүүчү 300 Mb түрүндөгү бонус толуктайт.

Өз ичине зарыл болгон функциялардын максималдуу көлөмүн камтыган моноблок категориясындагы Nokia телефону жалпыга жеткиликтүү аппарат болуп саналат. Телефон жогорку сыйымдуулуктагы аккумулятор менен жабдылган. 3.2 Мп камерасынын жардамы менен тартылган сапаттуу фотосүрөттөр, аларды Facebook, YouTube, Flickr интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жакын адамдарга жөнөтүү; 20 радиостанцияга чейин сактай ала турган эс-тутумдуу RDS менен FM-радио; Bluetooth жана 3G аркылуу ыкчам интернет менен пайдалануу мүмкүн.

3G колдоосу Nokia С2-01 телефонунун артыкчылыгы, бул сыяктуу телефондордо мурда жеткиликсиз болгон түрдүү сервистерди, тиркемелерди жана кызматтардын түрүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, аппарат максималдуу көлөмү 16 ГБ болгон эс-тутум картасын камтыйт.

MegaCom сатуу жана тейлөө борборлорунан Nokia С2-01 телефонун сатып алуу менен, Сиз өндүрүүчүнүн Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүнүн 24/1 үйүндө жайгашкан Сервис-борборунан 12 ай мөөнөтүндөгү кепилдик тейлөө менен камсыз болосуз. Байланыш телефондору: 0312 908836, 0312 908835.

MegaCom компаниясы өз абоненттерине ыңгайлуу баа менен заманбап жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө умтулат.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы