Перейти на новый сайт

Түштүккө биргелешип жардам беребиз!


Түштүккө биргелешип жардам беребиз!  

MegaCom компаниясынын жалпы республикалык акциясынын алкагында кыргызстандыктар жыйнаган гуманитардык жардамдын биринчи партиясы Жалал-Абад областындагы жапа чеккендерге жеткирилип берилди.

Өткөн дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарына гуманитардык жардам жеткирилген жана анын жалпы өлчөмү болжол менен 30 тоннаны түзгөн. Жеткирилген жардам түштүктө жапа чеккендердин калоолорун эске алуу менен топтолгон жана өзүнө эң зарыл болгондорду – тамак аш азыктарын, биринчи керектелүүчү буюмдарды жана дары-дармектерди камтыган.

Жардамдын жарымы компаниянын кызматкерлери бир күндүк айлык эсебинде которуп берген каражатка сатылып алынган, экинчи бөлүгү калк тарабынан гуманитардык жардам топтоо пункттарына алып келген тамак-аш азыктарынын эсебинен топтолгон.

Түштүктө гуманитардык жардамды бөлүштүрүү учурунда даректүү жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурулган: компаниянын кызматкерлери өзгөчө муктаж болгон райондор тууралуу маалыматтарды топтоп, өзүнүн жалал-абаддык өнөктөштөрү аркылуу жапа чеккендин колуна тапшырып келишти.

Учурда компания проблемалуу аймактар боюнча маалымат топтоону улантууда жана түштүк регионуна гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөтүү үчүн даярдык көрүп жатат.

MegaCom компаниясы, четте калбаган жана *1106#которуу суммасы#чакыруу командасын терген же 0550 001106 атайы номерине каражаттарды которуу менен гуманитардык жардамды жыйноо акциясын колдоого алган бардык адамдарга терең ыраазычылыгын билдирет. Акциянын аракеттене баштаган күнүнөн тартып 420 миң сомдон ашык каражат топтолгон, жыйналган каражаттардын суммасын он-лайн ыргагында текшерүү үчүн *1106#чакыруу командасын терүү зарыл же болбосо www.megacom.kg дареги боюнча жайгашкан сайттан алууга болот.

Кошулгула, акция уланууда!

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы