Перейти на новый сайт
MEGA бийик тоолуу аймакта жайгашкан Тегерек-Саз айылында базалык станцияны ишке киргизди

Кыргызстандын калкын сапаттуу байланыш менен камсыз кылган MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өлкөнүн алыскы жана жетүү  кыйынчылык жараткан аймактарына өзгөчө көңүл буруп, тармакты өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди аткарууну улантууда.

MEGA компаниясы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тегерек-Саз айылында жаңы базалык станцияны ишке киргизди. Байланыш жабдуусун ишке киргизүү менен, бийик тоолуу айылдын тургундары 2G/3G/4G байланышын жана жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонууга  мүмкүнчүлүк алышты.

Эсиңиздерге сала кетсек, тармактын камтуу аймагы тууралуу маалымат  MEGA расмий сайтындагы Интерактивдүү камтуу картасы аркылуу жеткиликтүү. Анын жардамы менен жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлине байкоо салып,  ошондой эле Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G камтуусу тууралуу билүүгө болот.

MEGA абоненттери тармактын камтуу аймагын кеңейтүү, байланыш   сапатын жогорулатууга муктаж болгон калктуу конуштар боюнча суроо-талаптарын компаниянын Байланыш борбору (*500), +996 999 500 000 номери боюнча WhatsApp мессенжери же Telegram аркылуу жөнөтө алышат.

MEGA – 4G/3G/2G түйүнү менен камтуу боюнча алдыңкы сапта келе жаткан, Кыргызстандын калкынын 99 пайыздан ашыгын байланыш менен камсыздаган оператор!

Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы