Перейти на новый сайт

MegaCom уюлдук оператор карантин маалында үйдө отургандар үчүн 10 гигабайтка чейин интернет тартуулайт

MegaCom уюлдук оператор карантин маалында үйдө отургандар үчүн 10 гигабайтка чейин интернет тартуулайт

Өзүн обочолонтуу − коронавирус илдетине каршы күрөшүүнүн бирден бир шарты. MegaCom компаниясы зарыл себепсиз көчөгө чыкпоону, дарыгерлердин кеп-кеңештерин көз жаздымда калтырбоону өз абоненттеринен суранат. «Альфа Телеком» ЖАК өзгөчө абалдын 2020- жылдын 30-апрелине чейин узартылгандыгына байланыштуу тартипти сактап, үйдө отурган бардык абоненттерине колдоо көрсөтүүнү туура тапты жана «MegaCom менен үйдө бол» акциясын ишке киргизди.

Коронавирус менен күрөшүүнүн сунуштамаларын так аткарып, үйүнөн чыкпай* отурган ар бир күнү үчүн бардык абоненттер бонустарга − акысыз гигабайттарга, мүнөттөргө жана SMSтерге ээ болот.

Бонустарды кантип алууга болот?

  • COVID-19 илдетинин алдын алуу боюнча талаптарды аткарып, үйүңүздөн же батириңизден чыкпаңыз;
  • Google Play жана App Store аркылуу MEGA24 тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңылаңыз;
  • MegaCom номуруңузду колдонуу менен "Жеке кабинетте" катталыңыз;
  • “Көңүл ачуу” бөлүмүнө кирип акция жөнүндө баннерди же баскычты басыңыз;
  • Жеке кабинетен “Бонустарды алуу” дегенди басып, күндө берилүүчү бонустарды алыңыз.

Маанилүү! Өзүн обочолонтуу мөөнөтүнө жараша абоненттерге берилүүчү бонустардын саны күн сайын көбөйөт. Интернеттин акысыз гигабайттарын, мүнөттөрдү жана SMSтерди 7 сутка ичинде (аларды алгандан тарта) колдонууга мүмкүн.

Бонустарды MEGA24 тиркемесинде гана алууга болот. Алар #СУПЕРЫҢГАЙЛУУ түркүмүнүн тарифтик пландарына кошулган MegaCom абоненттери үчүн гана жеткиликтүү.

Бонустарды эсептөө жана алуу шарттары тууралуу маалымат MEGA24 тиркемесинде.

Биз сиздин ден соолугуңузга кам көрөбүз! MegaCom менен ар дайым байланышта болуңуз! Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн тобокелге салбаңыз!

*Үйдөн чыкпоо – бул сутка бою сиздин үйүңүздү же батириңизди тейлеген базалык станциянын аракет аймагында болуу.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы