Перейти на новый сайт

MegaCom  төлөм терминалдары: балансты комиссиясыз толукта!

MegaCom  төлөм терминалдары: балансты комиссиясыз толукта!

 Алдыңкы уюлдук оператордун фирмалык түстөрүндөгү көчөлөргө коюлуучу төлөм терминалдары  борбор калаабыздын эл көп чогула  турган жайларында орнотула баштады.  Маселен, Москва – Абдрахманов (Моссовет)көчөлөрүнүн  кесилишинде. Бул терминалдардын жардамы менен абоненттер MegaCom байланыш  кызматтары үчүн балансын комиссиясыз толуктай алышат. 

Буга чейин кыргызстандыктар мындай төлөм  терминалдары менен ири соода борборлорунун, дүкөндөрдүн, кинотеатрлардын, дарыканалардын, мейманканалардын  ичинен гана колдоно алышкан болсо, эми коммуналдык  жана башка төлөмдөрдү  көчөлөрдө жайгаштырылган терминалдар аркылуу жүргүзө алышат. Эң ыңгайлуулугу, көчө терминалдарынан  24 саат боюу колдонууга боло тургандыгында.

MegaCom төлөм терминалдары – жарандарыбыздын универсалдуу жардамчылары. Айтмакчы, бул аппараттар аркылуу  ИИМ тарабынан бериле турган  соттолбогондук жөнүндө маалымкат үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Албетте, мындай ыңгайлуулук  абоненттердин убактысын үнөмдөйт. Ушул эле дейсизби, мындан тышкары Патрулдук милициянын айып пулдарын, мүлк салыктарын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө да мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстандыктар MegaCom терминалы аркылуу Орусия, Казакстан жана башка КМШ өлкөлөрүнүн уюлдук операторлорунун абоненттеринин балансын да толуктай алышат. Эгерде сиз чет мамлекетке сапарга чыгууну кааласаңыз же жакындарыңыз чет мамлекетте жашаса же  иштесе,анда  бул опция сиз үчүн эң керектүү болоору анык.

MegaCom компаниясы Бишкекте жана Чүй облусунда 100 төлөм терминалын орнотту. Жакын арада мындай көрктүү терминалдар Кыргызстандын бардык ири шаарларында пайда болот.

Балансты коммисиясыз толуктоо түйүндөрүнүн даректери компаниянын  расмий сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы