Перейти на новый сайт

MegaCom кызматкерлери 20 литрден ашык кан тапшырышты

MegaCom кызматкерлери 20 литрден ашык кан тапшырышты

10-август күнү MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде донордук кан тапшыруу боюнча Республикалык кан борбору жана Улуттук Кызыл  Жарым Ай коому менен  биргелешкен акциясы өткөрүлдү.

Салтка айланган иш-чаранын негизги  максаты – ооруканаларда кандын анын баалуу  компоненттеринин запастарын толуктап туруу ошондой элемекендештерибизди ыктыярдуу донор болууга чакыруу.

«MegaCom компаниясы алгачкылардан болуп кайрылуубузду  колдоду. Бизди кубандырган нерсе – компанияда акциянын таң эртеден эле башталгандыгы. Адатта, бир донор 450 миллиграмм кан тапшырат, андан  бир нече препарат даярдалып, аны  үч бейтапка куюуга болот. Канга өтө муктаж болгондордун  катарына   – жол кырсыгына кабылгандарды, күйүктөн жабыркагандарды, онкологиялык оорулар менен жабыр тарткандарды, кош бойлууларды жана жаш балдарды кошууга болот. Демек, тапшырган ар бир миллиграмм каны менен  адам өмүрүн сактап жаткан донорлордун салымына баа жеткис», - деп белгилей кетти Кыргызстандын Улуттук  Кызыл Жарым Ай коомунун мүчөсү Бедел Турдубеков. 

Айтмакчы, алдыңкы мобилдик оператордун көпчүлүк кызматкерлери – «ардактуу донорлор» деп айтса болот. Алар туруктуу негизде жана өз каалоосу менен кан тапшырып турушат. Акцияга  катышкан 52 кызматкердин ичинде көп жылдан бери кан тапшырып жүргөндөр да, биринчи жолу келгендер да бар.

«Бүгүнкү күндө канчалаган адамдар түрдүү оорулар менен жабыр тартышат, ал эми айрымдары болсо жол кырсыгына кабылышат. Көпчүлүгү канга муктаж. Менин каным кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калаар. Ошондуктан мен бүгүн бул жакка келдим», - деп өз ойлору менен бөлүштү  компаниянын адиси Галина Онищенко.

4 жылдан бери уюштурулуп келе жаткан акцияларга  300 кызматкер катышып, жалпысынан алганда 120 литрден ашык кан тапшырылган.

MegaCom социалдык жоопкерчиликтүү  компания катары мекендештеринин көйгөйлөрүнө  жана муктаждыктарына кайдыгер карабай келет.  Билим берүү,маданият жана спорт тармактарынын долбоорлорунан тышкары, саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн  социалдык  демилгелери да ар дайым компаниянын көңүл борборунда.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы