Перейти на новый сайт

MegaCom Президенттин ыраазычылык катына татыктуу болду

MegaCom Президенттин ыраазычылык катына татыктуу болду

Роман Гайнанов ©

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев MegaCom компаниясына ыраазычылыгын билдирди. 2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өткөндүгү баарыбызга маалым. Мамлекетибиздин тарыхында кызыл сызык менен өтүп турган бул иш-чара элибиздин маданиятын, каада-салтын дагы бир ирет дүйнө жүзүнө таанытты. Эбегейсиз мааниге ээ болгон маданий мааракени  өткөрүүдө мобилдик оператор башкы демөөрчү болду. Ажайып оюн-зооктордун, кыргыз элинин жана  дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан келген калктардын маданий программаларынын жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүнө күбө болдук. Көргөндүн  көз жоосун алган табигаттын кооздугу келген меймандарды  суктандырбай койгон жок.

Бул ири масштабдагы иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон, колдоо көрсөткөн ишкана,  мекеме, уюмдардын өкүлдөрүн сыйлоо аземинде Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков   MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловго Президенттин атынан  ыраазычылык кат тапшырды. Анын мазмуну төмөндөгүчө: «Дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна катышкандыгыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Биз мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана  эл аралык аренада өлкөбүздүн позитивдүү аброюн калыптандырууга кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз. Компанияңыздарга өнүгүүнү жана каржылык байгерчиликти каалайм».

Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору уникалдуу маданий иш-чараны өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү коомчулукка маалым. Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom  иш-чараны уюштуруучу топтун мобилдик байланыш расмий провайдери катары,  Оюндардын алкагында өткөрүлгөн  иш-чаралар учурунда  ишенимдүү  байланышты камсыз кылып, MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтип жана жаңы базалык станцияларды куруу боюнча ар тараптуу иштерди аткарды, мындай аракеттердин натыйжасында катышуучулар, күйөрмандар жана жалпы көрүүчүлөр ар дайым байланышта боло алышты.

MegaCom тарабынан  улуттук колоритти  чагылдырган жана көчмөндөр маданиятын,  этно-өзгөчөлүктөрдү баалагандар үчүн сонун белек болгон  эксклюзивдик  SIM-карталар чыгарылды. Ал эми,  Nomad атайын опциясы  түйүн ичиндеги жана  эл аралык багыттагы  ыңгайлуу чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк түздү.

Мындан тышкары, компания тарабынан  бүйүрдү кызыткан Көкбөрү оюнунун  «Эң мыкты чабуулчу» аталмасы боюнча жеңүүчүгө 100 000 сом өлчөмүндөгү атайын акчалай байгени тапшырылды. Айтмакчы, этно-спорттун бул түрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерде Кыргызстандын курамасы жеңишке жетишкендигин баса белгилебей коюуга болбостур.

MegaCom – түрк тилдүү мамлекеттердин маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы