Перейти на новый сайт

Чет тилдерин өз алдыңча  үйрөн

Чет тилдерин өз алдыңча  үйрөн

 

MegaCom компаниясы өз алдынча билим алуунун ыңгайлуу жана жеткиликтүү жолун сунуштайт. Алардын жардамы менен тил үйрөнүү зарыл болгон бардык маалымат сиздин телефонуңузда болот. Эң  аз дегенде бир чет тилин  билсеңиз  эле канчалаган мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз. Маселен, ар тараптан өнүгүп, ири компаниялардын биринде иштеп, кызыктуу саякат жасап же жаңы адамдар менен тааныша аласыз.

«Engster тил үйрөтүү курстары» - кыргыз, англис жана орус тилдерин интерактивдүү үйрөнүү үчүн ыңгайлуу сервис. Өз сөздүк коруңузду толуктап, сөздөрдүн туура жазылышын текшерип, окуу планыңызга ылайык суроолорго жооп берип, тил үйрөнүп жаткан башка абоненттер менен «сөз эрөөлүнө» катышып билимиңизди текшериңиз. Кызмат акысы суткасына 6 сом. Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн *993#(чакыруу) буйруусун, териңиз. Орус тилин бышыктоо үчүн *994#(чакыруу) буйруусун териңиз. Эгерде англис тили боюнча билим деңгээлиңизди жогорулатууну кааласаңыз *995# (чакыруу) буйруусун териңиз. Сервиске алгачкы жазылууда 2 күн акысыз колдонуп көрүү мөөнөтү каралган. Сабактын татаалдык деңгээлин өз алдынчы тандоосу сервистин өзгөчөлүгү болуп саналат.

«Тилдер чебери» - бул англис тилин үйрөнүү үчүн аудиосабактарды, сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү жана тесттерди камтыган үн сервиси. Өзүңүзгө ылайыктуу  деңгээлди: баштапкы жана кеңейтилген деңгээлди тандаңыз. *777*1# буйруусун терип же 777 номуруна чалуу менен сервиске кошулуңуз. Автомаалымдагычтын нускамаларын жолдоп, «Тил чебери» бөлүмүн тандаңыз. Акысыз байкап көрүү мөөнөтү – 3 күн, андан кийин жазылуу суткасына болгону 3 сомду түзөт.

Видеопортал – бул маалымат жана билим берүү мүнөзүндөгү видероликтер жана телепрограммалар көрсөтүлгөн сервиси. Алар байма-бай толукталып жана жаңыртылып турат. *9717#(чакыруу) буйруусун терип, video.megacom.kg порталына жазылыңыз. Өзүнүн англис тилиндеги билимин жогорулатууну каалагандар үчүн порталда English TV бөлүмү каралган. Күнүнө болгону 10 сом үчүн англис тилин үйрөнүү боюнча видео сабактарды гана көрбөстөн, англис тилиндеги спорт, кулинария, саякаттар, ал гана эмес оригами сабактарын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Китеп порталы – бул заманбап онлайн-китепкана. Бул порталдан сиз классикалык адабияттын жана бестселлерлердин каталогуна, жана да көркөм, илимий-популярдуу китептерге жана ишкер адабиятка акысыз жетки аласыз. Англис, француз жана испан тилдериндеги китептер да сунушталат. Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн китептерди окуп, жүктөп гана эмес угууга да болот. *9718#(чакыруу) буйруусун терип book.megacom.kg порталына жазылып, кызыктуу китептер дүйнөсүн ачыңыз. Жазылуу суткасына болгону 10 сомду түзөт.

MegaCom менен күн сайын жаңы нерсе үйрөнүңүз!

Сунушталган кызматтар

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы