Перейти на новый сайт

MegaCom: Нөл абалындагы баарлашууну улантуунун 6 ыкмасы

MegaCom: Нөл абалындагы баарлашууну улантуунун 6 ыкмасы

 

Зарыл болгон маалда мобилдик телефондун эсебиндеги акча каражаттардын түгөнүп калмай өзгөчөлүгү бар. Мисалы, маанилүү чалууну аткаруу үчүн жакын жерде төлөм кабыл алуу түйүнү, терминал же банкоматтын болбой калышы мүмкүн. MegaComдун атайын кызматтары жакындарыңыз менен ар дайым байланышта болууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

  • «Мага кайра чал» - MegaCom абоненти Кыргыз Республикасынын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын уюлдук операторлорунун абоненттерине балансынын нөлдө экендигин маалымдап, ага кайра чалуу өтүнүчүн жөнөтө алат. Болгону *202*0АААxxxxxx# буйруусун териңиз, сизге абдан керек болгон адам сиздин чалып коюу тууралуу өтүнүчүңүз камтылган билдирүү алат.
  • «Экинчи дем» - кызматты бир жолу кошуп алуу менен, өз эсебиңиздеги каражаттарыңыз тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот. Ар бир жолу нөлдүк чекке жеткен убакта, балансыңыз автоматтык түрдө толукталып турат. *400#10#1# буйруусун териңиз жана 100 сомго чейин насыя алыңыз.
  • «Куткаруучу тегерек» - *282*055Ххххххх*толуктоо суммасы# буйруусун терүү жетиштүү жана жакындарыңыз сизге шашылыш мобилдик жардам көрсөтүшөт. Кызматтын ыңгайлуулугу - сурамды MegaCom абоненттерине гана эмес, өлкөбүздүн башка уюлдук операторлорунун номурларына жөнөтүүгө боло тургандыгында.
  • «Досумдун эсебинен чалуу» - кызмат менен балансыңыз нөл абалында дагы чалууну кабыл алуучу абоненттин эсебинен MegaCom түйүнүнүн ичинде чалуу аткарыңыз. *212055Ххххххх буйруусун териңиз жана эң жакындарыңыздын эсебинен мүнөтүнүн наркы 1 сом болгон чалуу аткарыңыз.
  • «Баланс +» - *222*1# буйруусун териңиз, мобилдик эсебиңиз ошол замат 10 сомго толукталат.
  • «0 абалында чал+» - бир заматта 3 күнгө балансыңызды 50 сомго чейинки суммага толуктаңыз. *324#1# буйруусун териңиз, балансыңызды көз ачып - жумгуча толуктап алып, керектүү адамдарыңыз менен баарлашыңыз.

 

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы