Перейти на новый сайт

MegaCom «АР ДАЙЫМ Интернет» жаңы тарифтик планын сунуштайт!

 

MegaCom «АР ДАЙЫМ Интернет» жаңы тарифтик планын сунуштайт!

 

MegaCom абоненттик төлөмсүз жана милдеттүү төлөмдөрсүз «Ар дайым Интернет» жаңы тарифтик планын сунуштайт!

Промо мөөнөттүн алкагында Интернет-трафиктин мегабайтынын наркы  – 0 сом. 

Шарттары жөнөкөй: болгону   мобилдик эсебиңиз эки жумада бир жолу 100 сомго же андан ашык суммага толукталып  жана балансыңызда   50сомдон ашык каражаттын ар дайым болуп туруусу зарыл. Акысыз чектөөсүз интернет секундасына 128 Кбит  ылдамдыкта берилет. Зарыл болгон учурда, тарифке кошумча интернет топтом кошуп алууга болот. Бул учурда, түйүн ичиндеги мүнөттөрдүн кошумча көлөмү бир күнгө, 7 күнгө жана 14 күнгө берилет. Баланстагы каражаттарды үн байланышы жана  SMSтер үчүн да колдонууга болот. Азыр кошуп алыңыз, кошуу буйруусу: *303*39*1# (өтүү КНСти жана ССти эсепке алуу менен).

«MegaCom мобилдик интернетти тарифтөөдө жаңы ыкмаларды жайылтып келет. Мегабайттары төмөн баада болгон ыңгайлуу интернет-топтомдорду абоненттерибиздин кеңири катмары колдонуп келишүүдө. Биз кардарларыбызга дагы бир жаңы мүмкүнчүлүктү- «Ар дайым Интернет» — актуалдуу тарифин сунуштамакчыбыз. Бул сунуш интернет дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштай баштагандардан тарта, өз жашоосун интернетсиз элестете албаган колдонуучулар үчүн жагымдуу да, пайдалуу да боло тургандыгы шексиз», — деп ой бөлүшө кетти, MegaCom компаниясынын Маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Лехтман.

 *789 номуруна чалуу (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) же www.megacom.kg сайтына кирүү аркылуу  тариф тууралуу толук маалымат алууга болот.

 

MegaComдон «АР ДАЙЫМ Интернет» -  онлайнда бол!

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы