Перейти на новый сайт

MegaCom менен чет тилдерин үйрөн

MegaCom менен чет тилдерин үйрөн

 

“Эң жок дегенде бир эле тилди билсем,” – деген ой ар бир замандашыбыздын көңүлүн уялаары  бышык. Азыркы учурда бул артыкчылык эмес, замандын талабы болуп калды. Канча көп тил билсеңиз, мүмкүнчүлүктөрүңүз ошончолук көп болот. Ар тараптуу өнүгүп, беделдүү компанияда иштеп, чет өлкөлөргө саякат жасап, жаңы тааныштарды күтө аласыз. MegaCom компаниясынын сунуштарынан пайдалануу менен, телефонуңуз аркылуу жаңы тил үйрөнүү үчүн зарыл болгон маалыматка  ээ болосуз.

«Engster тил үйрөтүү курстары» - кыргыз, англис жана орус тилдерин интерактивдүү үйрөнүү үчүн ыңгайлуу сервис. Суткасына болгону  6 сом үчүн өз сөздүк коруңузду толуктап, сөздөрдүн туура  жазылышын текшерип, окуу планыңызга ылайык суроолорго жооп берсеңиз болот. Тил үйрөнүп жаткан башка абоненттер менен “сөз эрөөлүнө” катышып билимиңизди текшериңиз. Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн *993#(чалуу) буйруусун, орус тилин бышыктагыңыз келсе,  *994# (чалуу) буйруусун, эгерде  англис тили боюнча билим деңгээлиңизди жогорулатууну кааласаңыз  *995# (чалуу) буйруусун териңиз. Сервиске алгачкы жазылууда 2 күн байкап көрүү мөөнөтү каралган. Сервистин ыңгайлуулугу - өз билим деңгээлиңизге жараша жөнөкөйлөтүп же татаалдантып алууга боло тургандыгында.

«Тилдер чебери» - англис тилин үйрөнүүгө ылайыкташтырылган. Бул үн сервисинде аудиосабактар, сөздүктөр, сүйлөшмөлөр жана тесттер камтылган. Өзүңүзгө ылайыктуу  деңгээлди: баштапкы жана кеңейтилген деңгээлди тандаңыз. Аудиосабак  болгону  5-10 мүнөткө созулат, бул кабыл алуу жана эстеп калуу үчүн оптималдуу убакыт. *777*1# буйруусун терип же 777 номуруна чалуу менен сервиске кошулуңуз. Автомаалымдагычтын нускамаларына ылайык, «Тил чебери» бөлүмүн тандаңыз. Акысыз байкап көрүү мөөнөтү – 3 күн, андан кийин жазылуу суткасына болгону 3 сомду түзөт.

Видеопортал – бул сервис аркылуу маалымат жана билим берүү мүнөзүндөгү видероликтерди жана телепрограммаларды көрүүгө болот. Алар байма-бай жаңыртылып турат. Англис тилинде билимин жогорулатууну каалагандар порталдын English TV бөлүмүнө кире алышат. video.megacom.kg  порталына  кирүү  үчүн  *9717#(чалуу)  English TV бөлүмүн тандап, *9717#(чалуу) буйруусун терүү керек. Сизге англис тилин үйрөнүү боюнча видео сабактар гана эмес, спорт, кулинария, саякаттар, ал гана эмес оригами сабактары да жеткиликтүү болуп калат!

Китеп порталы – бул заманбап онлайн-китепкана десек туура болот. Себеби, бул порталдан сиз классикалык адабияттын жана бестселлерлердин каталогуна, жана да  көркөм, илимий-популярдуу китептерге жана ишкер адабиятка акысыз жетки аласыз. Англис, француз жана испан тилдериндеги китептер да сунушталат. Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн  китептерди окуп, жүктөп гана эмес угууга да болот.  book.megacom.kg порталына жазылуу үчүн *9718# буйруусун терүү жетиштүү.

Кызыктуу китептердин дүйнөсүнө саякат жасаңыз.

MegaCom менен күн сайын жаңы нерсе үйрөнүңүз!

Сунушталган кызматтар

  • «Роуминг»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы