Перейти на новый сайт
MegaCom: өз номуруңуз тууралуу билгиңиз келсе, My Info жардамга келет.

MegaCom: өз номуруңуз тууралуу билгиңиз келсе, My Info жардамга келет.

 

My Info - MegaCom адистеринин уникалдуу иштелмеси. Анын жардамы менен бир чалуу аткаруу менен гана өз номуруңуз боюнча актуалдуу маалыматтарды алсаңыз болот. Эң башкысы, убактыңызды үнөмдөй аласыз. Өзүн-өзү тейлөөнүн ыңгайлуу ыкмасы аркылуу балансыңыздагы каражаттар, жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны, байланыш кызматтары үчүн эсептөөлөрдүн жалпы саны,тарифтик планыңыздын аталышы сыяктуу бир катар маалыматтарды билип, жана да бонустук программа боюнча топтолгон баллдардын санын текшере аласыз.

8687 кыска номурун териңиз жана номуруңуз тууралуу маалымат алыңыз. Жоопту өзүңүздун тандооңузга жараша үн билдирүүсү же  SMS түрүндө алсаңыз болот.  Бардык маалымат компаниянын кыргыз, орус, өзбек жана англис тейлөө тилдеринде жеткиликтүү.

My Info кызматынан ар бир  MegaCom абоненти кайсы жерде болбосун жана акысыз колоно алат.

Сервис тууралуу толук маалымат компаниянын сайтында жайгаштырылган. 

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы