Перейти на новый сайт

MegaComдон 4G-Интернет Чүй облусунун дагы 11 калктуу конушунда ишке киргизилди.

MegaComдон 4G-Интернет Чүй облусунун дагы 11 калктуу конушунда ишке киргизилди.

 

Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүсүн улантууда. Эми MegaComдон 4G-Интернет Кара-Балта, Токмок шаарларында жана Чүй облусунун Люксембург, Сокулук, Шалта, Котовское, Гавриловка, Беловодское, Садовое, Романовка жана Александровка айылдарында колдонууга жеткиликтүү. Эскерте кетели, буга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата жана Кант шаарларынын жана ошондой эле Бостери, Чоң-Сары-Ой, Булан-Сөгөттүү, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой, Чок-Тал, Бает, Военно-Антоновка, Константиновка жана Новопокровка айылдарынын тургандары жогорку ылдамдыктагы технологиянын артыкчылыктарын баалай алышкан.

MegaComдон 4G-Интернет мобилдик интернетти эң активдүү колдонгон абоненттер үчүн арналган. Жаңы форматтагы мобилдик интернет көлөмдүү фотосүрөттөрдү көрүү, фильмдерди, жогорку сапаттагы видеороликтерди, музаканы жана каалагандай көлөмдөгү мобилдик колдонмолорду көчүрүү, жогорку ылдамдыкта онлайн оюндарды ойноо мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт. MegaComдун төтүнчү муундагы байланыш түйүнүнүн артыкчылыктарынын бири болуп, бул анын бир учурда үч жыштыкта: FDD Band 1 (2100 МГц), FDD Band 3 (1800 МГц) жана FDD Band 20 (800 МГц) иштеши. Бул байланыштын мыкты сапатын жана интернеттин туруктуу жана ылдам иштешин камсыздайт.

MegaComдон жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошоордун алдында сиздин түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин  системадан «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

4G каптоо картасы, «Чектөөсүз 4G» тарифтик планы, «32 ГБ белекке!», «4G модемди акысыз ал» жана «4G Wi-Fi роутерди акысыз ал!» акциялары тууралуу толугураак маалыматт компаниянын megacom.kg сайтынан жана компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан жана ошондой эле *500 номуру боюнча биле аласыз.

MegaComдон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon