Перейти на новый сайт

Мобилдик шылуундардан сактануунун жолдору

Мобилдик шылуундардан сактануунун жолдору

MegaCom компаниясы абоненттерине мобилдик шылуундук тууралуу  эскертет  жана  сактануу жолдору  боюнча кеп-кеңеш берет.

Опузалоо аракеттеринде:

  • Алгач маалыматты тактап алыңыз жана  бейтааныш адамдарга акча которбоңуз;
  • Кырсыкка кабылды делип жаткан туугандарыңыз же досторуңуз менен байланышып алар тууралуу уккан маалыматтын чын-төгүнүн тактаңыз;
  • Өзүңүз тууралуу жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды бербеңиз (насыя карталарынын номурлары, PIN-коддор, жашыруун сөздөр ж.б.);
  • Сизге белгисиз жана шектүү адамдар жөнөткөн SMS –билдирүүлөрдөгү номурларга акча каражаттарын которбоңуз;
  • Сиздин мобилдик эсебиңизге жаңылыш которулуп калган каражаттарды кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган учурда, мобилдик операторго кайрылуусун сунуштаңыз.

Кыска номурларды колдонууда:

  • Кабыл алынбай калган чоочун номурларга кайрадан чалбаңыз;
  • Күтүүсүздөн утушка ээ болгондугуңуз тууралуу маалыматтын чындыгын  компаниянын расмий булактары аркылуу биле аласыз.*500 номуруна чалып, мобилдик оператор тарабынан өткөрүлүп акциялар жана конкурстар жөнүндө билип алууга болот. Толук маалымат компаниянын www.megacom.kg сайтында жайгаштырылат;
  • Шилтемелери бар шектүү билдирүүлөр  да шылуундар аркылуу жөнөтүлүшү толук мүмкүн.

Көчөдөн Сизге кайрылган бейтааныш адамга жардам берүүнү кааласаңыз:

  • Бейтааныш адамдар телефонуңуздан чалып алууну суранган учурлар көп эле кездешсе керек. Телефонуңузду бейтааныш адамдын колуна бербестен, өзүңүз керектүү номурга чалып, зарыл маалыматты айта тургандыгыңызды билдириңиз.

Эсиңизге сала кетели! MegaCom компаниясы мобилдик телефондун баскычтары менен буйрууларды терүү аркылуу тестирлөө жүргүзүү өтүнүчү менен абоненттерине чалбайт жана SMS жөнөтпөйт. Эгерде ушундай жагдайга кабылган болсоңуз муну шылуундук аракет катары кабылдаңыз. Алар болсо  абоненттердин эсебинен акча каражаттарын которуп алууну, чалууларды башкага даректөө кызматын активдештирүүнү көздөшөт. Бул кызмат активдештирилген учурда  мобилдик номурду тергенде чалуу башка номурга, маселен чет өлкөгө багытталып калат.

Мобилдик шылуундардан сактануу жолдору тууралуу компаниянын расмий сайтындагы   Абоненттин коопсуздугу бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы