MegaCom: Shopping Fest-теги арзандатуулар жана бонустар.
MegaCom мобилдик оператору үчүн Shopping Fest-ке катышуу салтка айланып калгандай. Иш-чара 10-11- сентябрь күндөрү эртең мененки саат 9:00дөн 24:00гө чейин Бишкек шаарынын Vefa Center соода-көңүл ачуу борборунда болуп өтмөкчү.
Өз телефонун жаңыртып, өзүнө жана жакындарына керектүү аксессуарларды арзандатуу менен алууну каалагандар үчүн мобилдик оператор тарабынан жагымдуу бонустар каралган. MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө түйүндөрүндө балансын 50 сомго же ашык суммага толуктаган абоненттерди мүнөттөр жана SMSтер белек топтомдору түрүндөгү жагымдуу бонустар күтөт. Ушул күнү гана «Алтын» жана «Күмүш» номурларга 50 пайыздык арзандатуу жеткиликтүү болот.
MegaCom компаниясы өз абоненттерине түрдүү акцияларды, конкурстарды жана жагымдуу бонустарды тартуулап келет. Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларда жана #MegaComKg хештеги боюнча жайгаштырылган жаңылыктар түрмөгүн барактап турууну эстен чыгарбаңыз.
Мега-окуялардын борборунда болүңуз!