Перейти на новый сайт
MegaCom: Нөл абалындагы баарлашууну улантуунун 6 ыкмасы

MegaCom: Нөл абалындагы баарлашууну улантуунун 6 ыкмасы

 

Абдан зарыл болгон маалда  балансыңызда каражат жетишсиз болуп, маанилүү чалууну аткара албай  калган учурлар көп эле жолу башыңыздан өтсө керек. Буга кошумча Сизге жакын жерде төлөм кабыл алуу түйүнү, терминал же банкомат жок болуп калсачы. Мындай учурда Сизге MegaComдун  «Нөл абалындагы мүмкүнчүлүктөр» атайын кызматтары жардамга келет жана жакындарыңыз менен ар дайым байланышта боло аласыз.

 

  • «Мага кайра чал» -  MegaCom абоненти  Кыргыз Республикасынын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын уюлдук операторлорунун абоненттерине балансынын нөлдө экендигин маалымдап, ага кайра чалуу өтүнүчүн жөнөтө алат. Болгону  *202*0АААxxxxxx# буйруусун териңиз, сизге абдан керек болгон адам сиздин чалып коюу тууралуу өтүнүчүңүз камтылган билдирүү алат.
  • «Экинчи дем» - кызматты бир жолу кошуп алуу менен, өз эсебиңиздеги каражаттарыңыз тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот. Ар бир жолу нөлдүк чекке жеткен убакта, балансыңыз автоматтык түрдө толукталып турат. *400#10#1# буйруусун териңиз жана 100 сомго чейин насыя алыңыз.
  • « Куткаруучу тегерек » -  *282*055Ххххххх*толуктоо суммасы# буйруусун терүү жетиштүү жана жакындарыңыз сизге шашылыш мобилдик жардам көрсөтүшөт. Кызматтын ыңгайлуулугу - сурамды MegaCom абоненттерине гана эмес, өлкөбүздүн башка уюлдук операторлорунун номурларына жөнөтүүгө боло тургандыгында.
  • «Досумдун эсебинен чалуу» - MegaCom абоненти, башка абоненттин номурун *212055Ахххххх форматында терүү аркылуу, чалууну кабыл алуучу абоненттин эсебинен MegaCom түйүнүнүн ичинде чалуу аткара алат. Бул жерде 055Ахххххх – абоненттин номуру. MegaCom абоненти, башка абоненттин номурун *212055Ахххххх форматында терүү аркылуу, чалууну кабыл алуучу абоненттин эсебинен MegaCom түйүнүнүн ичинде чалуу аткара алат. Бул жерде 055Ахххххх – абоненттин номуру.балансыңыз нөл болгондугуна карабастан, чакырылып жаткан абоненттин эсебинен түйүн ичинде чалуу аткарууга жардам берет. *212055Ххххххх буйруусун териңиз жана эң жакын досторуңуздун эсебинен мүнөтүнүн наркы 1 сом болгон  чалуу аткарыңыз.
  • «Баланс +» -  *222*1# буйруусун териңиз, мобилдик эсебиңиз ошол замат 10 сомго толукталат.
  •  «0 абалында чал+» - бул балансты үч күнгө 50 сомго чейики сумма менен толуктоо. *324#1# буйруусун териңиз, балансыңызды көз ачып -жумгуча  толуктап алып, керектүү адамдарыңыз менен баарлашыңыз.

Сурам буйруулары эсиңизде жокпу? Кам санабаңыз.Үн маалымдагычынын нускамаларына ылайык аракеттениңиз жана баарлашууну улантуу үчүн  өзүңүзгө ыңгайлуу ыкмалардын бирин тандап алыңыз.

 

Сунушталган кызматтар

  • eSIM

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы