Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы «Улуу Жеңиш!» акциясынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай колдоо көрсөтүүсүн жыйынтыктады

MegaCom компаниясы «Улуу Жеңиш!» акциясынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай колдоо көрсөтүүсүн жыйынтыктады

 

Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген тизмеге ылайык, MegaCom компаниясы «Улуу Жеңиш!» акциясынын алкагында топтолгон акча каражаттарын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине даректүү түрдө берүүсүн жыйынтыктады. Ден соолугуна байланыштуу үйүнөн чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон жана аймактарда жашаган согуш ардагерлерине акча каражаттары үйүнө жеткирилип берилди.

Согуш ардагерлери кылган эрдиктерине таазим этип, кам көргөнү үчүн MegaCom абоненттерине ыраазычылыгын билдирди.

MegaCom компаниясынын миңдеген абоненттеринин активдүүлүгү менен «Улуу Жеңиш!» акциясынын алкагында, 1945 номурунда салыктарды эсептегенден кийин 380 миң 308 сом топтолду. Топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин тизмесине ылайык, бардык ардагерлерге бирдей өлчөмдө бөлүнүп 2050 сомдон берилди.

Белгилей кетчү жагдай, уюлдук оператор өз бюджетинин эсебинен өлкө боюнча 1000 ардагердин ар бирине 2000 сомдон тапшырып, жалпысынан алганда эки миллион сом кошумча каражат бөлдү.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы