Перейти на новый сайт

 MegaComдон белекке: 4G-смартфондор, 4G-модемдер жана «Мега ЖАЙ»

 MegaComдон белекке: 4G-смартфондор, 4G-модемдер жана «Мега ЖАЙ»

 

Жай. Айлананы жаркырай тийген күн нурларына бөлөп, жан-дүйнөңө өзгөчө сезимдерди тартуулайт эмеспи. Ал эми, MegaCom болсо ушул бактылуу көз ирмемдериң менен бөлүшүү үчүн мыкты байланышты камсыз кылып келет.  MegaComдун «Мега Жай» акциясынын алкагында Сиздерге  4G колдоосу менен жаңы смартфондор, 4G-модемдер жана башка көптөгөн белектер даярдалган! Ушул эле дейсизби, мындан тышкары кызыктуу конкурстар, бийлер, драйв жана эмоциялар ташкыны Сизди күтөт.

Сөзүбүзгө аралжы, алардын бири өткөн ишембиде Бостери айылында болуп өттү. Алып баруучулар жана «Жарайт Сити» азил-тамаша теледолбоорунун өнөрпоздору айлананы шаңга бөлөп, чогулгандарга ден соолуктун мүлкү болгон күлкү тартуулап жатышты. Ар бир катышуучу «Келгиле, мелдешебиз» тамашалуу таймашына катышып MegaComдон өзгөчө белектерди алып жатышты. Баш байгелер – төртүнчү муун түйүнүн колдогон заманбап смартфондор жана 4G-модемдер үчүн кызуу ат салышуу болду.

«MegaCom компаниясына чоң ырахмат! Бүгүн мен жонбаштык утуп алдым! – деп кубанычы менен бөлүшө кетти Гүлзада. – Мен алгач ишенген жокмун! Ысык-Көлгө келип байгелерге ээ болуңуздар! Ии, баса, менин жээним бүгүн смартфон утуп алды

«Мен синдилерим менен эс алганы келгем, - дейт жаңы смартфондун ээси Арууке Оморбекова. – Ойдо жок жерден эле конкурска катышып, баш байгени-4G колдоосу менен смартфонду утуп алдым! Сезимдеримди,кандай гана бактылуу экенимди сөз менен жеткире албайм! MegaComго ырахмат! Сиздер мыктысыздар

Смартфондордун, модемдердин, сууда  сүзүү  шаймандарынын жана башка белектердин ээси болгуңуз келеби? Анда эмесе,  30-июлда Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн жана 6-августта Бостеридеги «Кыргызское взморье» эс алуу жайынын кумжээктерине келиңиз. «Мега ЖАЙ» акциясы  саат 16:00дө башталат.

MegaComдун 4G түйүнүн кошуп алыңыз эс алууга келиңиз!

Эсиңиздерге сала кетсек, жай мезгилинин келишин утурлай, MegaCom  жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшкөн эле. Миңдеген  туристтер жана эс алуучулар жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдоно алышат. Мурда болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта фильмдерди жүктөө, видеороликтерди көрүү, саналуу секунданын ичинде жакындарыңыз жана досторуңуз менен эс алуу учурундагы таасирлериңиз  менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Каптоо картасын   мобилдик оператордун сайтынан көрүңүздөр.

MegaCom менен бирге аптаптуу жайкы теребелге ажайып боекторду сүртүңүз!

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «MIX үн порталы»

    кызматы