Перейти на новый сайт
MegaCom Ош шаарынын тургундарына мега-концерт жана 4G digital-белектерди тартуулады!

MegaCom Ош шаарынын тургундарына мега-концерт жана 4G digital-белектерди тартуулады!

Быйылкы жыл эсте каларлык окуяларга бай жылдардын бири катары компаниянын тарыхында калаары бышык. MegaCom өзүнүн 10 жылдыгына  жана жаңы жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясынын ишке киргизилгендигине өзгөчө басым жасоодо. 3-июнда, Ош шаарынын борбордук стадионунда, КРдин эл артисти Саламат Садыкова,  Арсен, Бегиш жана Баястан жана башка эстрада жылдыздарынын катышуусунда  ата мекендик мобилдик оператор  түштүк калаабыздын  миңдеген тургундарына жана меймандарына мега-концерт тартуулады.

«Мен MegaCom менен биргемин! Номурумду компания уюшулгандан күндөн тарта, 10- жылдан бери алмаштыра элекмин. Сапаттуу байланышыңыздар жана ар дайым мени менен болгондугуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Ар дайыма алдыга гана!», - дейт өз куттуктоо сөзүндө атактуу ырчы.

Концертке келгендер ырчылар менен кошо сүйүктүү ырларын ырдап, ырчылар бийлеп жаткан бөбөктөрдүн коштоосунда обон созуп жатышты. Айтмакчы, дал ушул кичинекей көрүүчүлөрдүн жардамы менен заманбап 4G-смартфондордун, 4G-модемдердин бактылуу ээлери аныкталды. Мындан тышкары, баарлашуунун миңдеген акысыз мүнөттөрү жана сандардын уйкаш комбинациясынан турган «Алтын» номурлар -ар бир аталыш боюнча 10дон комплекти-компаниянын мааракесине  барабар болгон санда тартууланды. Бардыгы болуп 50 киши мобилдик оператордун белкетерин алышты.

Концерт көпчүлүккө No Name тобу катары таанымал болгон алып баруучулар Мурат менен Кадырдын шайыр тамашалары менен коштолуп, миңдеген жашыл  шариктер  майрамга өзгөчө көрк кошуп турду. Концертке келген эстрада жылдыздары, чакырылган меймандар көрүүчүлөрдүн жагымдуу маанайына ортоктош болуп, өз кезегинде  уюштуруучуларга  ыраазычылык билдирип жатышты.

«Менин уулум алыскы Баткен жергесинде иштейт, мен аны менен  MegaCom аркылуу гана байланыша алам,- деп ой бөлүшө кетти Гүлмайрам эже. – Бүгүн болсо шаңдуу майрамга күбө болуп отурам, компанияга чоң ырахмат!»

Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын катарына Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларында уюштурулган веложүрүштөрдү, атайын акцияларды, Жалал-Абад шаарында болуп өткөн концертти кошо алабыз.  4G LTE түйүнүн ишке киргизүүгө жана компаниянын мобилдик тармактагы ишмердигинин 10 жылдыгына карата кыргызстандыктарды көптөгөн  кызыктуу  окуялар күтөт.  Компаниянын  сайты жана    социалдык түйүндөрдөгү баракчалар аркылуу #MegaComKg хештеги боюнча мега-окуялардын борборунда болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы