Перейти на новый сайт

Кыргызстандыктар Ноорузду MegaCom менен бирге белгилешти

Кыргызстандыктар кулпурган жаз айындагы Нооруз майрамын MegaCom менен бирге белгилешти. Миңдеген кооз шарлар айлананы ажайып кооздукка бөлөп, өзгөчө майрамдык маанай жаратты. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын борбордук аянттары кызгылт көк жана жашыл түскө оронуп, жаш-карысы дебестен черлери жазылып, жүздөрүн жылмаюу уялап, уюлдук операторго ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

Жалал-Абад шаарында «Курманбек» стадионунда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт уюштурулду. Чогулгандарды майрамы менен куттуктаган MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов, өз сөзүндө MegaCom компаниясынын ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткандыгына быйыл 10 жылдын жүзү болгондугун жана компаниянын тарыхында кызыл сызык менен өтүүчү бул маанилүү окуянын Жалал-Абад шаарында, алты миңге жакын көрүүчүлөрдүн катышуусу менен эң алгач жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгилей кетти. Иш-чаранын алып баруучулары өзүнүн шайыр тамашалары менен чогулгандарга күлкү тартууласа, ал эми концерт учурунда өткөрүлгөн кызыктуу конкурстардын жеңүүчүлөрү үчүн MegaCom тарабынан фирмалык азембелектери, «Алтын» жана «Платина» категориясынын номурлары белек катары даярдалган эле.

Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик технологиясы жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришкен ажайып робот-трансформерлер бөбөктөрдү жомок дүйнөсүнө жетелегендей. Майрамдык иш-чарага келгендер кызыктуу көз ирмемдерди эстеликке сактап калуу үчүн, сүрөткө түшүп алууну да эстеринен чыгарышкан жок.

MegaCom бар жерде, майрам да бар!

Сунушталган кызматтар

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы