Перейти на новый сайт

MegaCom 2016-велосезонунун ачылыш аземине чакырат

MegaCom 2016-велосезонунун ачылыш аземине чакырат

2016-жылдагы велосезондун ачылыш аземи кайрадан MegaCom байрагы алдында өтмөкчү. "R-Bikers" тоо велоспорт федерациясы жана "BOOM Studio" ассоциациясы бардык велоспорт сүйүүчүлөрүн майрамдык иш-чарага катышууга чакырат.
Иш-чара 2016-жылдын 27-мартында саат 10:00дө башталат.

2016-жылы өтө турган олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын курама командасына башкы өнөктөш болгон MegaCom компаниясы спорттук иш-чараларга жигердүү колдоо көрсөтүп келет. Компаниянын экинчи жыл катары менен велосезондун ачылышына башкы өнөктөш болгондугу буга айкын мисал боло алат. Иш-чаранын бардык катышуучуларына MegaCom компаниясынын фирмалык футболкалар тапшырылмакчы.

Велоспортун сүйүүчүлөрдүн жаш курагына жана тебүү жөндөмдүүлүгүнө чектөөлөр каралган эмес. Негизги талап- бузугу жок велосипед жана жол кыймылынын эрежелеринин негизги түшүнүктөрүнө ээ болуу. Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулардын саны жыл сайын арбып келет. Өткөн жылы катышуучулардын саны 500дөн ашып, 2015-жылдагы веложүрүш эсте каларлык иш-чаралардын тизмесин толуктады.

Велоколонна алдын ала белгиленген маршрут боюнча жол тартат. MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов баштаган компаниянын жамааты алардын катарында болмокчу. Веломарш Чүй, Манас проспектилери, Москва жана Совет көчөлөрү аркылуу өтөт. Колоннаны Жол кайгуул кызматынын күзөт автоунаасы жана "R-Bikers" федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштойт. Борбор калаабыздын Түштүк дарбазасында MegaComдун белектери менен коштолгон конкурстук программа менен иш- чаранын расмий бөлүгү жабылат. Иш-чаранын уландысы андан кызыктуу болору күтүлүүдө. Каалоочулар Орто-Сай айылында өтө турган түштөнүүгө катышып, ысык даамдуу палоонун даамын татып, конкурстук көңүл ачуучу программаларга күбө болушат. Facebook-тагы жаңылыктарды көз жаздымда калтырбай, толук маалыматка ээ болуңуз.

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы