Перейти на новый сайт

MegaCom: SMS-билдирүүлөрдүн, чалуулардын жана интернет-трафиктин майрамдык толкуну

MegaCom: SMS-билдирүүлөрдүн, чалуулардын жана интернет-трафиктин майрамдык толкуну

Аялдардын эл аралык күнү – Кыргызстандагы салттуу майрамдардын ичинен өзгөчө орунду ээлейт. Бардыгынын көңүлү айымдарга бурулуп, болуп көрбөгөндөй камкордукка бөлөнүшөт. Алардын жагымдуу жылмаюусуна татыктуу болууну самаган мырзалар белектердин түрүн тартуулашат. Гүлдөр, оюнчуктар,таттуулар,баалуу буюмдар,күтүлбөгөн жагымдуу белектер жана башкалар. Чалуулар, майрамдык SMS жана MMS-билдирүүлөр, социалдык тармактардагы майрамдык куттуктоолор айымдардын көңүлүн өзгөчө көтөрө тургандыгы да бышык. Мырзалар муну да эстеринен чыгарышпаган өңдүү.

8- мартта MegaCom абоненттери тарабынан 8 миллиондон ашуун чалуу (14 миллион мүнөттөн ашык баарлашуу)аткарылган, бул көрсөткүч үн трафигинин өскөндүгүнүн күбөсү. Мессенджерлердин жана социалдык түйүндөрдүн кеңири тарагандыгына карабастан, абоненттер сүйүктүү чоң энелерин,апаларын,эжелерин,карындаштары,кыздарын чалып куттукташты. 2016-жылдын 8-мартында жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөрдүн саны 2 миллионду чамалап, күндөгү орточо статистикалык көрсөткүчтөн 73 пайызга көбүрөөк болду.Ал эми, интернет-трафиктин көрсөткүчү болсо 18 пайызга жогорулады.

Жыйынтыгында эмне демекчибиз, эң башкысы – мекенибизде аялзаты жогорку баага, эң бийик орунга татыктуу, ал эми MegaCom жакындарыбызга камкордук жана сүйүү тартуулап турганга көмөктөшөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы