Перейти на новый сайт
MegaCom: Роумингде ыңгайлуу топтомдор менен пайдаланыңыз

MegaCom: Роумингде ыңгайлуу топтомдор менен пайдаланыңыз

Саякатка же иш сапарга аттанганда MegaComдун үн, SMS жана Интернет-топтомдорун жаныңызга алып, ыңгайлуу топтомдор аркылуу миңдеген чакырым аралыкты көзгө илбей жакындарыңыз менен байланышып туруңуз.

21 пайызга чейин үнөмдөө! «+996» отоптомдор түркүмү алдын ала төлөнүүчү жана кийин төлөнүүчү роумингде үн байланышы менен пайдаланган MegaCom абоненттери үчүн ыңгайлуу. Орусиянын (МегаФон, Tele2 тармактарында) жана Казакстандын (Kcell,Tele2 тармактарында) роумингинде абоненттер өз үйлөрүнө- Кыргыз Республикасынын мобилдик жана катталган номурларына чалуу аткара алышат. «+996» топтомдор түркүмү «20 мүнөт», «30 мүнөт», «50 мүнөт» көлөмүндөгү топтомдорду өз ичине камтыйт. Наркы тандалган түркүмгө жараша болот.

46 пайызга чейин үнөмдөө! Чет өлкөлөрдө сапарда жүргөндө MegaComдун «SMS 25» топтомунун жардамы менен байланышка сарпталуучу чыгымдарды кыскартууга болот. Башкача айтканда, МегаФон (Орусия), Kcell жана Теле2 (Казакстан), Babilon-Mobile жана Tcell (Тажикистан) тармактарында топтомго киргизилген ыңгайлуу баадагы 25 SMS-билдирүүнү кыска номурлардан тышкары каалаган багытка жөнөтүүгө болот. Кызмат баланс жетиштүү болгон учурда *1025*1# чалуу буйруусу аркылуу кошулат.

70 пайызга чейин үнөмдөө! Эгерде сиз өз жашооңузду социалдык түйүндөрсүз, жаңылыктарсыз элестете албасаңыз, сайттарга саякат жасоо анда MegaComдун «Роумингдеги интернет-топтомдору» Сиз үчүн. Алардын жардамы менен интернетке МегаФон (Россия) тармагындагы эл аралык роумингдеги интернетке үнөмдөп калууга болот.

Трафиктин ыңгайлуу көлөмүн - «30 Мб», «50 Мб» же «100 Мб» тандаңыз жана ыкчам ылдамдыкта сапар тартыңыз. Топтомдун наркы тандалган трафиктин көлөмүнө жараша болот.

Толугураак маалымат менен компаниянын www.megacom.kg расмий сайтындагы Роуминг бөлүгүнөн таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы